Депутат чиновниктердин чет өлкөдө кыймылсыз мүлккө ээлик кылуусуна тыюу салууну сунуштады

Парламентарий Исмаил Исаков мамлекеттик кызматкерлерге Кыргызстандын сыртында кыймылсыз мүлккө, банк эсептерине жана активдерге ээлик кылууга тыюу сала турган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Депутат бул идеясын коррупцияга каршы аракет менен түшүндүрүүдө.

Мыйзам долбоору 12-мартта каттоодон өттү — аны социал-демократтар фракциясынан депутат Исмаил Исаков иштеп чыккан.

Парламентарийдин сунушуна ылайык, чиновниктер менен алардын жакындарына — эрезеге жете элек балдарына, жубайлары жана күйөөлөрүнө — Кыргызстандын сыртында активдерге, банк эсептерине жана кыймылсыз мүлктөргө ээлик кылууга тыюу салынат.

Исаков мындай тыюу салууну өзүнүн мыйзам долбооруна жазылган негиздеме маалымкатта улуттук коопсуздук, коррупцияга каршы аракет жана өлкөнүн экономикасына тартылган инвестицияларды кеңейтүү менен түшүндүргөн.

«Белгилүү бир мыйзамдуу талаптардын киргизилиши мамлекеттик кызматкерлерди тартипке салат, а аталган долбоордогу чектөөлөр алардын коррупциялык иш-аракеттерин алдын алуучу чара катары да кызмат кылышы мүмкүн», — деп жазылган негиздеме маалымкатта.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Исаковдун өзү жеткиликсиз болууда. Бирок анын жардамчысы Kloop.kgге берген маегинде мыйзам долбоору өткөн жылдын май айында Орусияда кабыл алынган мыйзам долбооруна окшош экенин билдирди.

«Мындай мыйзамды Орусияда да кабыл алышкан. Учурда ал жакта иштеп жатат. Бирок алардыкы бир аз башкачараак. Аларда система башкача», — деди депутаттын жардамчысы Мурат Саданкулов.

Ал Исаков мыйзам долбоору кесиптештери тарабынан колдоо таап, парламенттеги бардык окуулардан өтөт деп божомолдоп жаткандыгын кошумчалады.

Kloop.kgнин кабарчылары байланыша алган чиновниктер депутаттын бул идеясы боюнча өз пикирлерин билдирүүдөн баш тартышты.

Исаковдун жардамчысынын айтымында, жарандардан мыйзам долбоору боюнча пикирлер менен сунуштар үч жума аралыгында кабыл алынат да анан парламентке жөнөтүлөт.

Авторлор: Камила Баймуратова жана Бексултан Искендеров