«Чек арасыз кабарчылар»: АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги интернеттин душманы

Эл аралык «Чек арасыз кабарчылар» (RSF) уюму АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигин интернеттин душмандарынын катарына киргизди.

Жыл сайын жарыяланып турчу «интернеттин душмандары» — интернет-эркиндикке коркунуч келтирген уюмдар же адамдар — тууралуу баяндама эл аралык «Чек арасыз кабарчылар» уюму тарабынан кечээ жарыяланды.

RSFдин кара тизмесине биринчи жолу демократиялуу деп айтылып келген өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары — АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги менен Улуу Британиянын Өкмөттүк байланыш борбору киргизилген.

Аталган эки мамлекеттик орган тең кайсыл бир деңгээлде сырткы чалгындоолор менен байланыштуу. Улуттук коопсуздук агенттиги чалгындоо маалыматтарын чогултуу менен, ал эми британиялык Өкмөттүк байланыш борбору өкмөттүк маалыматтарды коргоо жана шифрлоо менен алектенет.

RSF америкалык жана британиялык чалгындоолор, ошондой эле Орусия, Кытай сыяктуу дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн атайын кызматтары өзүлөрүнүн түздөн-түз милдеттенмелеринин чегинен чыгып, улуттук коопсуздукка жамынуу менен адам укуктарын тебелеп жатышат деп эсептейт.

«Улуттук коопсуздук агенттиги менен Өкмөттүк байланыш борбору интернетти маалымат эркиндигин тепсөө үчүн спецификалык кызыкчылыктарына кызмат кылган куралга айлындырып, ал алардын коллективдүү ресурс болуп калды», — деп жазган өз баяндамасында RSF.

«Чек арасыз кабарчылар» уюму аталган мамлекеттик органдардын «интернеттин душманы» тизмесине киргизилишине көбүнесе Улуттук коопсуздук агенттигинин мурунку чуулуу кызматкери Эдвард Сноуден тарабынан ачыкталган маалыматтар жардам бергенин билдирүүдө.

Уюм Улуттук коопсуздук агенттиги менен Өкмөттүк байланыш борбору дүйнөнүн миллиондогон жарандарын, алардын ичинде көп сандаган журналисттерди да аңдып жүргөндүгүн жазган. Аны менен катар баяндамада америкалык чалгын программалык камсыздоолордун начар жактарын аныктап, аларга чабуул жасоого адистештирилген фирмалардын кызматтары менен пайдаланып келгендигин белгилеген.

«Интернеттин душмандары» болгон өлкөлөр

Жалпысынан «интернет душмандары» деп түрдүү өлкөлөрдүн 32 мамлекеттик органы аталды. «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун пикири боюнча, алар кандайдыр бир жолдор менен сөз эркиндигин ооздуктоо же коркунуч келтирүү менен алектенип келишнт.

Борбордук Азиянын мамлекеттик органдарынын ичинен ал тизмеге Өзбекстандын Маалымат жана массалык коммуникациялар боюнча эксперттик комиссиясы менен Түркмөнстандын «ТүркмөнТелекому» киргизилген. Баяндамада Кыргызстан менен анын аймак боюнча башка коңшулары жөнүндө айтылган эмес.

КМШнын башка өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынан «душмандардын» тизмесине Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ)менен Белоруссиянын Улуттук коопсуздук комитети (КГБ) кирген.

«Интернеттин душмандары» — эл аралык «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун жыл сайын жарыялап турчу баяндамасы. Анда  интернет-эркиндикке же адам укуктарына коркунуч жараткан адамдар, уюмдар жана өлкөлөрдүн тизмеси түзүлөт.

RSF уюмунун «интернет душмандары» тизмесине Кытай, Беларусь, Түркмөнстан, Түндүк Корея, Куба, Вьетнам жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр көбүрөөк кирет.

Кыргызстан менен коңшу жайгашкан Казакстан менен Орусия «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун изилдөөчүлөрүнүн көзөмөлүндөгү өлкөлөрдүн тобуна кирген.