Адил Турдукулов: Убактылуу өкмөттүн «косяктары» тууралуу

Мурунку дипломатиялык кызматкер жана Кыргызстандын премьер-министринин экс-кеңешчиси Адил Турдукулов өзүнүн «Фэйсбукдагы» баракчасына өлкөдөгү саясий кырдаал жана мамлекеттик каражаттардын сарпталышы тууралуу мезгил-мезгили менен жазып турат. Kloop.kg анын уруксаты менен экс-кеңешчинин пикирин өз сайтына чыгарат.

Бул макалада автордун жеке пикири айтылган, ал Kloop.kgнин көз карашы менен дал келбеши мүмкүн. Билдирүүнүн түп нускасын бул жерден окусаңыздар болот.

Менин оюмча, оппозицияга кошулуу үчүн Атамбаев менен душман болуудан сырткары дагы башка критерийлер болушу керек.

Оппозициянын катарында Убактылуу өкмөттүн мурунку мүчөлөрү болбошу керек деп эсептейм. Алар алгач өздөрүнүн «косяктары» үчүн жооп беришсин.

2010-жылдын 13-апрелинде Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева «коомдук тартипти камсыз кылуу» жүйөсү менен Улуттук банкта сакталып турган 10 млн. сомду Президенттин иш башкармалыгына тапшырган.

А тартип үчүн ким жооп берет? Албетте Азимбек Бекназаров.

Андан соң Алмазбек Атамбаевден башка Убактылуу өкмөттүн дээрлик бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлган «акча каражатын эсептен чыгаруу жөнүндөгү» акт түзүлгөн.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жөн гана «түштүк облустарында түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу максатында 5 миллион сомду Ош облусу жана дагы 5 миллион сомду Жалал-Абад облусу үчүн эсептен чыгарып алышкан».

Алардын абалды кандай турукташтыргандыктарын 2010-жылдын июнунда баарыбыз көрдүк.

Менин божомолумда, жогоруда айтылган Атамбаев кол койбогон акт берилгенден кийин Убактылуу өкмөттүн иш башкаруучусунун милдетин аткаруучу Т. Коеналиевдин атынан ал 10 млн. сом боюнча «аванстык отчет берүү» өтүнүчү менен А.Бекназаровго кат жөнөтүлгөн.

Бекназаров көпкө ойлонбостон эле өз адамдары менен сүйлөшүп, аларды «революциянын бульдозеринен» түштүк үчүн 5 млн. сомдон алгандыктарын «ырастаган» тил кат жазып берүүгө көндүргөн.

Мындай четке кагууга болбой турган түшүндүрмөдөн кийин Бекназаровго бул боюнча эч кимде эч кандай суроо болгон эмес.

Бул макалада автордун жеке пикири айтылган, ал Kloop.kgнин көз карашы менен дал келбеши мүмкүн. Билдирүүнүн түп нускасын бул жерден окусаңыздар болот.