Орусияда оппозиционер Навальныйдын блогу тосмолонду

Орусиянын Байланыш, маалыматтык технологиялар жана массалык коммуникацияларга көзөмөл жүргүзүү боюнча федералдык кызматы оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын блогун тосмолоду — кызмат бул кадамын сайттын иши оппозиционердин баш коргоо чарасын бекитүү жөнүндөгү жобону бузуп жатканы менен түшүндүрүүдө.

Навальныйдын navalny.livejournal.com дарегиндеги блогун тосмолоо чечими 13-март күнү соттун катышуусу жок эле чыгарылды — ал чечим блогдун иши оппозиционерге баш коргоо чарасын бекитүү жөнүндөгү жобону бузуп жаткандыгы менен түшүндүрүлүүдө.

Навальный «Ив Роше» косметикалык компаниясынан 26 млн. жана «Многопрофильный процессинговый компания» деп аталган ишканадан 4 млн рубль уурдаган деп айыпталып жатат. Бийликтеги корруцияга каршы күрөшүп келгени менен белгилүү болгон оппозиционердин өзү дарегине айтылган айыптоолордун бардыгын четке кагып, аларды «абсурд» деп атап жатат.

Навальныйдын блогунан сырткары Grani.ru, Kasparov.ru сайттары жана «Ежедневный журнал» интернет басылмасынын сайты да тосмолонду.

Байланыш, маалыматтык технологиялар жана массалык коммуникацияларга көзөмөл жүргүзүү боюнча федералдык кызмат бул веб-ресурстардын тосмолонушун аларда «бекитилген эрежелердин бузулушу менен өтө турган» массалык иш-чараларга катышуу жана «мыйзамга каршы» ишмердүүлүктөр менен алектенүү чакырыктары болгондугу менен түшүндүрүп жатат.

Сайттарды соттун чечими жок эле тосмолоо 1-февралда күчүнө кирген «Маалымат жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин мүмкүн болуп калган. Ага ылайык, сайтты тосмолоо үчүн башкы прокурор менен анын орун басарынын сурамы гана жетиштүү болот.

Сайттарга киргизилген чектөөлөр андагы тыюу салынган контент өчүрүлмөйүнчө алынбайт. Сайтты тосмолоого экстремизм, терроризм, улуттар жана конфессиялар аралык кастыкты козутуу жана массалык башаламандыктар себеп болушу мүмкүн.

Башкы оппозиционер

Алексей Навальный — өзүнүн мамлекеттик органдар менен ири мамлекеттик компаниялардагы коррупцияга каршы активдүү күрөшү менен белгилүү орусиялык оппозиционер.

2010-жылы Навальный мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы алдамчылыктарга көзөмөл жүргүзүп «Роспил» долбоорун ишке киргизген.

Навальный 2011-жылдын аягында Орусиядагы парламенттик шайлоодон кийин башталган нааразычылык кыймылдын лидерлеринин бири болгон — системалуу эмес оппозициянын пикири боюнча, ал шайлоолор көптөгөн мыйзам бузуулар менен өткөн.

Болжол менен ошол эле маалда ал Орусиядагы башкаруучу «Бирдиктүү Орусия» партиясын «алдамчылар менен уурулардын партиясы» деп атаган — орусиялык оппозиционер азыр дагы партияны ошентип айтып келет.

2012-жылы «Уолл Стрит Джорнал» журналы президент Владимир Путин баарынан да Навальныйдан көбүрөөк корко тургандыгын жазган. 2013-жылдын жазында Навальный  британиялык «Проспект» журналынын версиясы боюнча, Интеллектуалдардын дүйнөлүк рейтингине кирген.