Ош: «Өзбектердин арасында сурамжылоо жүргүзгөндүгү» үчүн эл аралык уюмдун экспертине айып салынды

Эл аралык «Даниялык чиркөө жардамы» уюмунун кызматкери Ошто «өзбектердин арасында сурамжылоо жүргүзгөндөн» кийин суракка алынып, ага 2000 сом өлчөмүндөгү айып салынды.

«Даниялык чиркөө жардамы» уюмунун куралсыздандыруу боюнча эксперти Фредерик Фауст 13-март күнү кечинде Бишкекке учуп кетүүгө камынып жатканда Ош аба майданында кармалган.

Бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде эксперт менен жолуккандан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Оштогу башкармалыгына суракка чакырылган  журналист Шохрух Саипов билдирди.

Саипов билдиргендей, атайын кызматтагылардын өкүлү Фауст калкты улуттар аралык кастыкка чакырып, такталбаган маалыматтарды таркаткан деп шектелип жаткандыгын айткан.

Тергөөчү журналистке документ берген, анда «Даниялык чиркөө жардамы» уюмунун өкүлү өзбек коомчулугунун активисттери менен жолугуп, эл аралык уюмдар Кыргызстандагы өзбек тектүүлөрдүн кызыкчылыктарын коргой тургандыктарын айтып ага убада беришкендиги жазылган.

Саиповдун өзү Фаусттун чындыгында эле кайсы бир өзбек активисти менен жолуккан-жолукпагандыгын так билбейт.

Журналисттин айтымында, УКМКнын кызматкерлери эгер чет өлкөлүк жаран Кыргызстанда туристтик виза менен жүрсө анын жергиликтүү калк менен аңгеме куруп, сурамжылоолорду жүргүзүүсү «мыйзамсыз» экенин билдиришкен.

«Тергөөчүнүн айтымында, андай виза менен кандайдыр бир сурамжылоолорду жүргүзүп, калк менен жолугушууга тыюу салынган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал мыйзамсыз жолугушууларды өткөрүп, текшерилбеген маалыматтарды таратыптыр», — деди Саипов.

Кийинчерээк журналист Фауст Улуттук коопсуздук боюнча комитеттеги алты сааттык сурактан кийин түн ичинде кеч бошотулгандыгын кошумчалады — «Даниялык чиркөө жардамы» уюмунун кызматкерине 2000 сом өлчөмүндөгү айып салынган. Учурда анын кайсыл жерде экендиги белгисиз.

УКМКнын өзүнөн болсо суракка алуу жөнүндөгү маалыматты ырастай да, төгүндөй да албай тургандыктарын билдиришти. Басма сөз кызматынын өкүлү жазуу түрүндөгү сурам менен кайрылуубузду өтүндү.

«Даниялык чиркөө жардамы» — 2010-жылы  Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык кагылышуудан кийин андагы жаңжалдарды алдын алуу жана тынчтык орнотуу менен алектенип келген эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын бири.

Окшош кармоолор

Бул УКМКнын Оштогу бөлүмүнүн эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн кармап суракка алган алгачкы учур эмес — болжол менен бир жыл мурун атайын кызматтагылар Оштогу өзбек азчылыгы менен аңгеме кургандыгы үчүн Эл аралык кризистик топтун талдоочусу Конор Прасадды кармашкан.

УКМК анда Прасадды «улуттар аралык кастыкты козутуп» жана милиция менен кыргыздар тарабынан өзбек тектүүлөрдүн укуктары бузулуп жатат деген сыяктуу фактылардын ыктымалдыгын чогулткан деп айыптаган.

«Анын бул аракеттери өзбек улутундагы жарандарды активдүү жарандык позициясын көрсөтүү чакырыктар менен коштолгон», — деп жазылган анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин пресс-релизинде.

Анда Прасаддан документтер менен электрондук алып жүрүүчү каражаттар алыган. УКМКнын пикиринде, аларда «улуттар аралык араздашууну козута турган билдирүүлөр, ошондой эле өлкөнүн бүтүндүгү менен туруктуулугуна коркунуч алып келе турган материалдар» бар болгон.

Эл аралык кризистик топтун өзү улуттар аралык кастыкты козуткандыгын четке кагып, атайын кызматтагылар боюнча соттошуусун баштаган. Кийинчерээк УКМК ал уюмдун талдоочусуна каршы кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.