Жоголгон малайзиялык учак кыргыз-кытай чек арасына чейин учуп келген болушу мүмкүн

Малайзия бийлиги Би-би-синин кабарчысына бир апта мурун жоголуп кеткен «Малайзия аба жолдорунун» учагы кыргыз-кытай чек арасы жакта болушу ыктымалдыгын билдирди. Бирок бул версия акыркысы эмес. Учактын болушу ыктымалдыгы катары кыргыз-кытай чек арасынан башка дагы бир топ жерлер айтылууда.

«Малайзия аба жолдорунун» жоголуп кеткен учагы Борбордук Азияга учуп келиши ыктымалдыгы жөнүндөгү версияны Малайзия бийлиги 15-марттагы журналисттер менен болгон жолугушуулсунда билдиришти.

Жолугушуудан соң Би-би-синин кабарчысы Джон Фишер өзүнүн «Твиттердеги» эккаунтуна Малайзия бийлиги учактын кыргыз-кытай чек арасында болушу ыктымалдыгы чындыкка жакын экенин айткандарын жазган.

«[Малайзия бийлиги] МН370 каттамындагы учактын кыргыз-кытай чек арасында болушу ыктымалдыгына көбүрөөк ишенишет», — деп жазган Фишер өзүнүн кичиблогуна.

Кийинчерээк ал бул версиянын айланасында дагы деле түшүнүксүз нерселер көп экендигин тактаган.

«Учак ушунчалык узак убакыт Түштүк Азиянын үстү менен уча алат беле?» — деп жазган ал.

Анын айтымында, Малайзия бийлиги учактын болжолдуу түрдө кайсыл жерде экендигин ага «кол салгандар» учактын системасын өчүрүп салгандан кийинки жети саат бою келип жаткан маалыматтар боюнча аныкташкан.

Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү «Азаттык» радиосуна берген маегинде бул маалыматты четке кагып, кыргыз-кытай чек арасында абал «тынч» экенин билдиришкен.

Багытын атайылап өзгөрткөн

15-марттагы журналисттер менен болгон жолугушууну Малайзиянын премьер-министри Наджиб Разак жетектеп, 8-март күнү жоголуп кеткен учакка кол салуу ыктымалдыгынан кийин ал өз багытын атайылап башка жакка өзгөрткөндүгүн билдирди.

Учак Малайзиянын борбору Куала-Лумпурдан Пекинге каттам жасашы керек болчу.

Бирок ал Малайзия менен Вьетнамдын ортосундагы Түштүк-Кытай деңизинин үстүнөн учуп бара жатып күтүүсүздөн жердеги кызматтар менен байланышты өчүрүп, багытын түндүк-батыш тарапка өзгөрткөн.

Анткен менен байланыш каражаттарынын өчүрүлгөндүгүнө карабастан учак дагы жети саат бою спутник жана радарлар аркылуу көрүнүп турган.

Малайзиянын бийлиги дал ушул негиздерге таянып учактын кайсыл жерде болушу ыктымалдыгы боюнча жыйынтык чыгарышкан.

Ошондой эле Малайзиянын бийлиги кыргыз-кытай чек арасынан сырткары учактын же анын сыныктарынын кайсыл жерде болушу ыктымалдыгы боюнча бир топ жерлерди — казак-түркмөн чек арасынан тарта Индонезияга чейинки аймакты белгилешти.

Жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрүн кошкондо учакта жалпысынан  239 киши бар болгон.

Учактын кулабагандыгы тууралуу акыркы маалыматтардан кийин андагы адамдардын туугандардында өз жакындарын аман-эсен көрөүү үмүтү пайда болду.

Автор:  Бектур Искендер