Крым талаштуу референдумда Орусияга кошулуу үчүн добуш берди

Крым бийлигинин маалыматы боюнча, добуш бергендердин 95 пайыздан ашыгы Украинанын курамынан чыгып, Орусияга кошулуу үчүн добуш беришкен. Украин бийлиги менен батыш өлкөлөрү референдумду таануудан баш тартып жатышат.

Крым бийлиги автономиялык республикадагы шайлоо тилкелери жабылгандан бир нече саат өткөндөн соң Орусияга кошулуу боюнча өткөн референдумдун болжолдуу жыйынтыктарын жарыялады.

Ал маалыматтарга ылайык, референдумга калктын 80 пайыздан ашыгы катышып, алардын 95 пайызы Крымдын Орусия Федерациясынын курамына кирүүсү үчүн добуш беришкен.

Бирок 16-март күнү эртеден кечке чейин өткөн референдумга крым татарларынын көпчүлүгү катышышкан жок — алар саны боюнча Крымда орустардан кийинки экинчи этникалык топ болуп эсептелишет.

Крымдын бийлиги 17-мартта Орусиянын курамына кирүү тууралуу билдирме жөнөтүүнү пландап жатат.

Орусиянын президенти Владимир Путин «Крымдын жашоочуларынын каалоосун сыйлай» тургандыгын билдирди.

Кремлдин колдоосу жана батыштын каары

Крымдагы референдум Кремлдин колдоосунда, ошондой эле Москва «Крымдын коргоо тобу» деп атап жаткан жарым аралдын аймагындагы орусиянын аскерлеринин көз алдында өттү.

«[Референдумду] өткөрүү толугу менен эл аралык укуктар менен БУУнун Уставына ылайык келет», — деп жазылган Путин менен АКШнын президенти Барак Обаманын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы тууралуу жазылган Орусия президентинин веб-сайындагы билдирүүдө.

Орусия Крымда референдум өткөрүүдө «косоволук прецедент» эске алынганын баса белгилөөдө — батыш өлкөлөрү 2008-жылы Косовонун көз карандысыз республика статусун алышын колдогон болчу.

Референдумдун алдында Крымда орусчул үгүт кагаздары басымдуулук кылды. Сүрөт Кристофер Миллердики, «Твиттер», @ChristopherJM
Референдумдун алдында Крымда орусчул үгүт кагаздары басымдуулук кылды. Сүрөт Кристофер Миллердики, «Твиттер», @ChristopherJM

Крымдагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын Украин бийлиги, Крым татарларынын Междлиси жана Батыш өлкөлөрү таануудан баш тартып жатышат.

Крым тататарларынын Междлисинин башчысы Рефат Чубаров «Интер» телеканалына берген маегинде референдумду «маскарапоздун шоусу» жана «цирк» деп атаган.

АКШ болсо бул окуяны Кремлдин «өлкөнүн ички ишине аскердик кийлигишүүсү» катары сыпаттады.

«АКШ менен биздин союздаштар башка өлкөнүн ички ишине куралдуу кийлигишүү эл аралык укуктардын шексиз бузулушу экенин жана бул үчүн Орусия Кошмо штаттар менен анын союздаштары тарабынан көрүлө турган чаралардан улам гана эмес, ошондой эле Орусиянын туруктуулукту бузуп жаткан өзүнүн аракеттеринен улам да көптөгөн чыгымдарга учурай тургандыгын так билдиришти», — деп жазган Би-би-синин орус кызматы Ак үйдүн расмий өкүлү Джей Карнинин айткандарын.

Украина менен Батыш Крымдын ички иштерине куралдуу кийлигишип жатат Орусияны айыпташууда. Сүрөттө орус согуш техникалары менен куралданган «Крымдын коргонуу тобунун аскерлери». Сүрөт Стюарт Уэббдики, «Твиттер», @Worldwidewebb1
Украина менен Батыш Крымдын ички иштерине куралдуу кийлигишип жатат деп Орусияны айыпташууда. Сүрөттө орус согуш техникалары менен куралданган «Крымдын коргонуу тобунун аскерлери». Сүрөт Стюарт Уэббдики, «Твиттер», @Worldwidewebb1

Донецк шаарындагы кагылышуулар

Референдум күнү салыштырмалуу Крымдын өзүндө тынч болгону менен Украинанын чыгыш бөлүгүндөгү ири шаарларда орусиячыл митингчилер менен бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда кагылышуулар орун алды.

Донецк шаарында орусиячыл митингдин катышуучулары буга чейин кармалган «элдик губернатор» Павел Губаревдун бошотулушун талап кылып, прокуратура менен Украинанын Коопсуздук кызматынын имараттарына чабуул коюшту.

Ал ортодо Украина бийлиги Орусия аскерлеринин Украина аймагына дагы да тереңдеп кирип келүү ыктымалдыгынан чочулап жаткандыктарын билдирди.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Арсений Яценюк эркектерди жаңы гана түзүгөн Украинанын Улуттук гвардиясына чакыруу тууралуу билдирүүсүн жарыялады.

Крымдагы референдум Жогорку Раданын Орусияга багыт алган президент Виктор Януковичти бийликтен кетиргенине бир ай боло электе эле өттү. Украина парламенти Януковичти президенттиктен кетирүү үчүн 22-февралда добуш берген болчу.

Януковичтин бийликтен кетишине Киевде жана өлкөнүн батыш бөлүгүндөгү үч айга созулган нааразычылык акциялары себеп болгон. Алар демонстранттар менен атайын даярдыктагы күч түзүмдөрдүн кагылышуулары менен коштолгон. Эң айыгышкан кагылышуулар 18-20-февраль күндөрү орун алып, анын жүрүшүндө 100дөн ашык киши каза болгон.

Дагы деле президент Януковичти колдоп жаткан Орусия Украинанын жаңы бийлигин таануудан баш тартып, февралдын соңунда Крым бийлигинин Украинанын курамынан чыгуу боюнча жасаган кадамдарын колдоп баштаган.

Автор: Бектур Искендер