Крым Украинанын курамынан чыккандыгы жөнүндө токтом кабыл алды

17-март күнү референдумдун жыйынтыктары белгилүү болгондон кийин Крымдын Жогорку Радасынын сайтына жарым аралдын Украинанын курамынан чыккандыгы жөнүндөгү токтом жарыяланды.

17-март күнү Крымдын Жогорку Радасынын депутаттары Украинадан көз карандысыз болуу үчүн добуш беришип, жарым аралды өзүнчө суверендүү мамлекет деп жарыялашты.

«Крым Республикасы Крымдын калкы тарабынан түзүлгөн көз карандысыз өлкөнү таануу чакырыгы менен Бириккен Улуттар уюмуна, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө кайрылат», — деп жазылган Крымдын Жогорку Радасынын сайтына чыккан токтомдо.

Ошондой эле Крым парламенти Украинанын курамынан чыккан жарым аралды федерациянын субъектисине республика статусу менен кабыл алуу өтүнүчү менен Орусияга кайрылды.

Крымдын Жогорку Радасынын бул чечими автономиялуу республиканын Орусияга кошулуусу боюнча өткөн референдумдун жыйынтыктары жарыяланаары менен кабыл алынды.

Жалпы Крым референдуму

Крым бийлиги автономиялык республикадагы шайлоо тилкелери жабылгандан бир нече саат өткөндөн соң Орусияга кошулуу боюнча өткөн референдумдун болжолдуу жыйынтыктарын жарыялады.

Ал маалыматтарга ылайык, референдумга калктын 80 пайыздан ашыгы катышып, алардын 96,77 пайызы Крымдын Орусия Федерациясынын курамына кирүүсү үчүн добуш беришкен.

Референдумдун алдында Крымда орусчул үгүт кагаздары басымдуулук кылды. Сүрөт Кристофер Миллердики, «Твиттер», @ChristopherJM
Референдумдун алдында Крымда орусчул үгүт кагаздары басымдуулук кылды. Сүрөт Кристофер Миллердики, «Твиттер», @ChristopherJM

Бирок 16-март күнү эртеден кечке чейин өткөн референдумга крым татарларынын көпчүлүгү катышышкан жок — алар саны боюнча Крымда орустардан кийинки экинчи этникалык топ болуп эсептелишет.

Орусиянын президенти Владимир Путин «Крымдын жашоочуларынын каалоосун сыйлай» тургандыгын билдирди.

Кремлдин колдоосу жана батыштын каары

Крымдагы референдум Кремлдин колдоосунда, ошондой эле Москва «Крымдын коргоо тобу» деп атап жаткан жарым аралдын аймагындагы орусиянын аскерлеринин көз алдында өттү.

«[Референдумду] өткөрүү толугу менен эл аралык укуктар менен БУУнун Уставына ылайык келет», — деп жазылган Путин менен АКШнын президенти Барак Обаманын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы тууралуу жазылган Орусия президентинин веб-сайындагы билдирүүдө.

Украина менен Батыш Крымдын ички иштерине куралдуу кийлигишип жатат Орусияны айыпташууда. Сүрөттө орус согуш техникалары менен куралданган «Крымдын коргонуу тобунун аскерлери». Сүрөт Стюарт Уэббдики, «Твиттер», @Worldwidewebb1
Украина менен Батыш Крымдын ички иштерине куралдуу кийлигишип жатат деп Орусияны айыпташууда. Сүрөттө орус согуш техникалары менен куралданган «Крымдын коргонуу тобунун аскерлери». Сүрөт Стюарт Уэббдики, «Твиттер», @Worldwidewebb1

Орусия Крымда референдум өткөрүүдө «косоволук прецедент» эске алынганын баса белгилөөдө — батыш өлкөлөрү 2008-жылы Косовонун көз карандысыз республика статусун алышын колдогон болчу.

Крымдагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын Украин бийлиги, Крым татарларынын Междлиси жана Батыш өлкөлөрү таануудан баш тартып жатышат.

Крым тататарларынын Междлисинин башчысы Рефат Чубаров «Интер» телеканалына берген маегинде референдумду «маскарапоздун шоусу» жана «цирк» деп атаган.

АКШ болсо бул окуяны Кремлдин «өлкөнүн ички ишине аскердик кийлигишүүсү» катары сыпаттады.

«АКШ менен биздин союздаштар башка өлкөнүн ички ишине куралдуу кийлигишүү эл аралык укуктардын шексиз бузулушу экенин жана бул үчүн Орусия Кошмо штаттар менен анын союздаштары тарабынан көрүлө турган чаралардан улам гана эмес, ошондой эле Орусиянын туруктуулукту бузуп жаткан өзүнүн аракеттеринен улам да көптөгөн чыгымдарга учурай тургандыгын так билдиришти», — деп жазган Би-би-синин орус кызматы Ак үйдүн расмий өкүлү Джей Карнинин айткандарын.

Крымда референдум Жогорку Раданын Орусияга багыт алган президент Виктор Януковичти бийликтен кетиргенине бир ай боло электе эле өткөрүлдү. Украина парламенти Януковичти президенттиктен кетирүү үчүн 22-февралда добуш берген болчу.

Януковичтин бийликтен кетишине Киевде жана өлкөнүн батыш бөлүгүндөгү үч айга созулган нааразычылык акциялары себеп болгон. Алар демонстранттар менен атайын даярдыктагы күч түзүмдөрдүн кагылышуулары менен коштолгон. Эң айыгышкан кагылышуулар 18-20-февраль күндөрү орун алып, анын жүрүшүндө 100дөн ашык киши каза болгон.

Дагы деле президент Януковичти колдоп жаткан Орусия Украинанын жаңы бийлигин таануудан баш тартып, февралдын соңунда Крым бийлигинин Украинанын курамынан чыгуу боюнча жасаган кадамдарын колдоп баштаган болчу.