Кыргызстан жоголгон Малайзия учагын издөөгө көмөктөшөт

Президент Алмазбек Атамбаев Малайзиянын премьер-министри менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө болжолду түрдө кыргыз-кытай чек арасына чейин учуп келиши мүмкүн болгон жоголгон учакты издөөгө көмөктөшө тургандыгын билдирди.

17-март күнү Малайзиянын премьер-министри Наджиб Разак Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевден бир апта мурун жоголуп кеткен учакты издөө иштерине көмөк көрсөтүүсүн өтүндү. Версиялардын бири боюнча, учак Кыргызстандын аба мейкиндиги аркылуу өткөн болушу мүмкүн.

Өз кезегинде Атамбаев телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан бийлиги малайзиялык тарапка учакты издөөгө  көмөктөшүүгө жана анын кайсыл жерде болушу ыктымалдыгы боюнча маалыматтарды берүүгө даяр экендигин билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Абадан коргонуу күчү малайзиялык кесиптештерине  керектүү болгон бардык маалыматтарды берет», — деп жазган президенттин басма сөз кызматы.

Бир апта мурун жоголуп кеткен учак кыргыз-кытай чек арасына чейин учуп келген болушу мүмкүн деген версия Малайзия бийлиги тарабынан 15-мартта айтылган.

Анын айтымында, Малайзия бийлиги учактын болжолдуу түрдө кайсыл жерде экендигин ага кол салгандар учактын системасын өчүрүп салгандан кийинки жети саат бою келип жаткан маалыматтар боюнча аныкташкан.

Багытын атайылап өзгөрткөн

Малайзиянын бийлиги 8-март күнү жоголуп кеткен учакка кол салуу ыктымалдыгынан кийин ал өз багытын атайылап эле башка жакка өзгөрткөндүгү тууралуу 15-мартта н билдирген.

Учак Малайзиянын борбору Куала-Лумпурдан Пекинге каттам жасашы керек болчу.

Бирок ал Малайзия менен Вьетнамдын ортосундагы Түштүк-Кытай деңизинин үстүнөн учуп бара жатып күтүүсүздөн жердеги кызматтар менен байланышты өчүрүп, багытын түндүк-батыш тарапка өзгөрткөн.

Анткен менен байланыш каражаттарынын өчүрүлгөндүгүнө карабастан учак дагы жети саат бою спутник жана радарлар аркылуу көрүнүп турган.

Малайзиянын бийлиги дал ушул негиздерге таянып учактын кайсыл жерде болушу ыктымалдыгы боюнча жыйынтык чыгарышкан.

Ошондой эле Малайзиянын бийлиги кыргыз-кытай чек арасынан сырткары учактын же анын сыныктарынын кайсыл жерде болушу ыктымалдыгы боюнча бир топ жерлерди — казак-түркмөн чек арасынан тарта Индонезияга чейинки аймакты белгилешкен.

Жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрүн кошкондо учакта жалпысынан  239 киши бар болгон.

Учактын кулабагандыгы тууралуу акыркы маалыматтардан кийин андагы адамдардын туугандардында өз жакындарын аман-эсен көрөүү үмүтү пайда болду.

Автор: Майрам Абакирова