Кыргызстандын ТИМи: Малайзия жоголгон учак боюнча сурам жөнөткөн жок

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Малайзия бийлиги жоголуп кеткен учакты издөө боюнча сурам жөнөтпөгөндүгүн билдирди. Буга чейин ал учак кыргыз-кытай чек арасына чейин учуп келген болушу мүмкүн деген версия айтылган болчу.

Бир апта мурун жоголуп кеткен учак кыргыз-кытай чек арасына чейин учуп келген болушу мүмкүн деген версия Малайзия бийлиги тарабынан 15-мартта айтылган.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде аларда жоголгон учактын Кыргызстандын аймагында экендиги боюнча маалымат жок экенин билдирди.

«Биз жоголгон учак тууралуу жаңылыкты окуганбыз, бирок ал тууралуу расмий маалымат жок. Малайзия бийлиги тарабынан эч кандай сурам келген жок», — деди министрликтин басма сөз кызматкери.

Өкмөттүн басма сөз катчысы да аларда жоголгон учак жөнүндө маалымат жок экенин айтты — анын айтымында, бул маселе менен Тышкы иштер министрлиги алектенет.

Багытын атайылап өзгөрткөн

15-марттагы журналисттер менен болгон жолугушууну Малайзиянын премьер-министри Наджиб Разак жетектеп, 8-март күнү жоголуп кеткен учакка кол салуу ыктымалдыгынан кийин ал өз багытын атайылап башка жакка өзгөрткөндүгүн билдирген.

Учак Малайзиянын борбору Куала-Лумпурдан Пекинге каттам жасашы керек болчу.

Бирок ал Малайзия менен Вьетнамдын ортосундагы Түштүк-Кытай деңизинин үстүнөн учуп бара жатып күтүүсүздөн жердеги кызматтар менен байланышты өчүрүп, багытын түндүк-батыш тарапка өзгөрткөн.

Анткен менен байланыш каражаттарынын өчүрүлгөндүгүнө карабастан учак дагы жети саат бою спутник жана радарлар аркылуу көрүнүп турган.

Малайзиянын бийлиги дал ушул негиздерге таянып учактын кайсыл жерде болушу ыктымалдыгы боюнча жыйынтык чыгарышкан.

Ошондой эле Малайзиянын бийлиги кыргыз-кытай чек арасынан сырткары учактын же анын сыныктарынын кайсыл жерде болушу ыктымалдыгы боюнча бир топ жерлерди — казак-түркмөн чек арасынан тарта Индонезияга чейинки аймакты белгилешкен.

Жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрүн кошкондо учакта жалпысынан  239 киши бар болгон.

Учактын кулабагандыгы тууралуу акыркы маалыматтардан кийин андагы адамдардын туугандардында өз жакындарын аман-эсен көрөүү үмүтү пайда болду.

Автор: Майрам Абакирова