Талды-Булакта кенди иштетүү жергиликтүү тургундардын нааразычылыктарын жаратууда [+ видео]

Орловка айылынын жашоочуларын «Сол жээкки Талдык-Булак» алтын кенин иштетүүдөн улам келип чыгышы мүмкүн болгон экологиялык кесепеттер тынчсыздандырып жатат. Аталган кен «Алтынкен» кыргыз-кытай биргелешкен компаниясы тарабынан иштетилип жатат.  

Жергиликтүү тургундар өз нааразычылыктарын 14-март күнү парламенттик фракция өкүлдөрүнүн көчмө жыйында билдиришти.

Айылдыктар Чүй облусунун чыгышында жайгашкан Талды-Булак алтын кенин иштетүүдөн улам келип чыгышы мүмкүн болгон экологиялык кесепеттерден коркуп жаткандыктарын билдиришти.

Алар «Алтынкен» компаниясы кенден алыс эмес жайгашкан калктуу конуштардын инфраструктуралары менен шарттарын жакшыртуу үчүн жыл сайын 13 млн. доллардан бөлүп берип турушу керектигин талап кылышты.

«Учурда айылда көйгөй өтө көп — жолдор, жарыктандыруу, жумушсуз адамдар. Бул көйгөйлөр аз-аздап чечилмек», — деп билдирди жолугушуунун жүрүшүндө Орловка айылдык кеңешинин депутаты Эмил Бейшеналиев.

Социал-демократтардын лидери Чыныбай Турсунбеков жооп катары жергиликтүү калктын мындай даттануулары Кыргызстандын экономикасы менен инвестициялык климатын «бузуп» жаткандыгын билдирди.

«Кимдир бирөөгө акча керек болуп, бизге мынча акча керек деп инвестордон сураганы болбойт, бардыгы тең тиешелүү нормалар менен мыйзамдардын чегинде болушу керек», — деп жыйынтыктады ал.

Кенди иштеткен кыргыз-кытай биргелешкен «Алтынкен» компаниясы жакынкы айылдардын жашоочуларынын нааразычылыктары боюнча азырынча эч кандай түшүндүрмө бербей эле. Бирок бийликтегилер Талдык-Булактагы иштин башталышын создуктуруп жаткандыктарын айтып, данттанышууда.

«Негизги көйгөй — бул Мамлекеттик геология, Айлана-чөйрөнү коргоо жана Курулуш агенттиктеринен уруксат берүүчү документтерди алуу. Алсак, жерди бөлүштүрүүгө уруксатты эки жылдан бери ала албай келебиз», — деди жолугушууда «Алтынкендин» башчысынын орун басары Ван Ган.

Анын айтымында, Талды-Булакта баалуу металлды өндүрүүгө компания 100 млн. доллардан ашык каражат жумшаган.

«Алтынкен» компаниясы кен казуу иштерин үстүбүздөгү жылдын күзүндө баштоону пландап жатат. Компаниянын 40 пайызына ээлик кылган «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча,  кенде болжолдуу түрдө алтындын 78 тонналык запасы бар.

Автор: Хлоя Гейне.