«Ата Мекен» фракциясы көпчүлүк коалициясынын курамынан чыкты

«Ата Мекен» фракциясы парламенттик көпчүлүк коалициясынын курамынан чыкты. Депутаттар мындай чечимин башта премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев башкарып турган Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтерге нааразы болгондуктары менен түшүндүрүп жатышат.

«Ата Мекен» фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев коалициянын курамынан чыгууга Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамдирекциянын ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтер себеп болгонун билдирди.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө орун алган улуттар аралык кагылышуудан кийин Кыргызстандын түштүгүн калыбына келтирүү боюнча мамдирекцияны башкарып турган.

«Атамекенчилер» «жүктөлгөн милдеттенмелерди толугу менен аткаруу үчүн керектүү моралдык-саясий ресурстарды жок кылган» премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин ишине ыраазы эмес.

«Биз саясий чечим кабыл алып, Жантөрө Сатыбалдиевдин министрлер кабинетине саясий баа бердик», — деп жазган 24.kg маалымат агенттиги Текебаевдин айткандарын.

«Ата Мекен» фракциясынан депутат Гүласал Садырбаева Kloop.kgге берген маегинде коалициядан чыгууга Сатыбалдиев жүргүзгөн «Кумтөр» алтын кени боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы дагы себеп болгонун билдирди.

Депутаттар Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга чейин жогорулатуу талабын койгону менен Сатыбалдиевдин өкмөтү кыргыз-канада биргелешкен «Кумтөр» ишканасында үлүштөргө теңме-тең ээлик кылуу боюнча макулдашууга барган.

Коалициянын таркашы

«Ата Мекендин» «Ырыс алды ынтымак» коалициясынын курамынан чыгышы анын тарашына алып келет.

Эгерде Социал-демократиялык партия (КСДП), «Ар-Намыс» жана «Ата Мекен» фракцияларынан турган коалиция таркап кете турган болсо ал өкмөттүн да тарашына алып келет.

Социал-демократтардын лидери Чыныбай Турсунбеков Kloop.kgге берген маегинде коалиция тарагандан кийин бардыгы тең «президенттин аракеттерине байланыштуу боло тургандыгын» билдирди.

«Эми баары президенттин жаңы коалицияны түзүү боюнча кайсыл фракцияга укук берээрине байланыштуу болот», — деди ал.

«Ата-Журт» фракциясынан депутат Курмантай Абдиев Kloop.kgге берген маегинде «Ата Мекен» фракциясынын көпчүлүк коалициясынын курамынан чыгуу жөнүндөгү чечими — «алардын укугу» экенин билдирди.

«Коалициядан чыгуусу бул алардын укугу», — деди ал.

«Республикадан» депутат Урмат Аманбаева талкууга чейин эле «Ата Мекен» өкмөттүн ишине нааразы болгондугун айтты.

«Акыркы кездерде алар өкмөттүн ишине нааразычылыктарын көп айтып келишкен. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча кол топтоо өнөктүгү жүрүп жатканда алар кол коюшкан. Менин оюнча, бул туура эле», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

«Ата Мекендин» көпчүлүк коалициясынын курамынан чыгышы депутаттар тарабынан өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге карата сын-пикирлер айтылып жаткан учурга туура келди.

Парламентарийлер 2010-жылкы улуттар аралык кагылышуудан кийин түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамдирекциясыга бөлүнгөн каражаттын сарпталышынын көзөмөлгө алынбагандыгына  жана өкмөт менен канадалык «Центерра» компаниясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө нааразылыктарын билдирип келишкен.

Автор: Айзирек Алмазбекова