Батыш орусиялык чиновниктерге каршы санкция жарыялады

АКШ менен Европа биримдиги Крымдын Орусияга кошулушу боюнча өткөн референдумга тиешеси бар 21 орусиялык жана бир украин чиновнигине каршы сакция жарыялады.

Азырынча санкция жарыялангандардын толук тизмеси так белгисиз, бирок анын кара тизмесине Орусиянын Федерациялар кеңешинин башчысы Валентина Матвиенко, Орусия президенти Владимир Путиндин жардамчысы Владислав Сурков, Путиндин кеңешчиси Сергей Глазьев жана Украинанын бийликтен кеткен президенти Виктор Януковичтердин киргизилгендиктери так белгилүү.

Ошондой эле кара тизмеде азырынча бийлигин Орусия гана тааныган Крымдын премьер-министри Сергей Аксёнов да бар.

Чиновниктерге карата көрүлө турган чаралардын ичинде — алардын АКШ менен Евробиримдиктин аймагындагы банк эсептерин тоңдуруу жана алардын аталган аймактарга кирүүсүнө тыюу салуу жазалары бар.

Литванын тышкы иштер министри өзүнүн «Твиттер» кичи блогуна жазгандай, жакынкы убактарда АКШ менен Европа биримдиги Крым жарым аралында референдумду уюштуруп, ал жакка орусиялык аскерлерди киргизүүгө күнөөлөп жаткан адамдарга каршы кошумча чаралар көрүлүшү мүмкүндүгүн жазган.

Кабыл алынган санкциядагы адамдардын тизмесине киргизилген чиновниктердин бири, Орусиянын вице-премьери Дмитрий Рогозин АКШ менен Евробиримдиктин бул аракети боюнча тамашалуу пикирин билдирди.

«А чет өлкөдө эсептери да, жеке мүлктөрү да жоктор менен эмне кылуу керек? Же сиз бул тууралуу ойлогон жоксузбу?» — деп жазган ал АКШнын президенти Барак Обамага «Твиттер» аркылуу кайрылып.

Өз кезегинде АКШ Орусия өз аракеттери менен Украинадагы «демократиялык процесстерди бузуп жатат» деп орус бийлигин айыптады — бул тууралуу санкцияларга арналган пресс-релиздерде жазылган.

Крым көз карандысыздыгын жарыялады

Санкция киргизилгендердин арасында Украинанын бийликтен кеткен президенти Виктор Янукович да бар болуп чыкты.
Санкция киргизилгендердин арасында Украинанын бийликтен кеткен президенти Виктор Янукович да бар болуп чыкты.

Санкциялар тууралуу кечээ гана жарыяланганы менен аларды киргизүү боюнча коркутуулар АКШ жана Европа биримдиги тарабынан Орусиянын Крымдагы операциясы башталганда эле айтылган болчу. Бирок буга карабастан жарым аралда Крымдын Украинанын курамынан чыгып Орусияга кошулуусу боюнча референдум пландалгандай эле 16-март күнү болуп өттү.

Жергиликтүү бийликтин расмий маалыматтарына ылайык, референдумда добуш бергендердин 96 пайыздан ашыгы Крымдын Орусиянын курамына кириши үчүн добуш беришкен.

Крымдын Жогорку Радасы 17-марттан баштап алгач Украинанын курамындагы автономиялуу республика статусуна ээ жарым аралдын көз карандысыздыгын жарыялап, андан соң Орусиянын курамына кирүү процессин баштаган.

Ал ортодо Украина менен Батыш өлкөлөрү болуп өткөн референдумду Орусиянын «башка өлкөнүн ички ишине куралдуу кийлигишүүсү» деп атап, анын жыйынтыктарын таануудан таптакыр баш тартып жатышат.

Өз кезегинде Орусия билдирүүлөрүндө Косового (батыш өлкөлөрүнүн колдоосунда 2008-жылы Сербиянын курамынан чыккан республика) байланышкан окуяны мисал келтирип жатат.

Орусия-украин кризиси 2014-жылдын февралында Кремлдин жакын союздаштарынын бири болгон Украинанын президенти Виктор Янукович бийликтен кеткенден кийин курч мүнөзгө ээ болгон.

Орусия дагы деле Украинанын жаңы бийлигин тааный элек. Ал 28-февралдан баштап Крым жарым аралын көзөмөлдөөнү өз колуна алган. Бирок андагы орус аскерлери расмий түрдө Крымдын коргонуу тобу деп аталып келген.

Автор: Бектур Искендер