УКМК: Ишмердүүлүгү боюнча арыздануулардан кийин Ошто эл аралык эксперт суракка алынды

«Даниялык чиркөө жардамы» уюмунун эксперти жергиликтүү тургун тарабынан анын ишмердүүлүгү боюнча даттануу арызы келип түшкөндөн кийин суракка алынган, деп билдирди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет.

«Даниялык чиркөө жардамы» уюмунун куралсыздандыруу боюнча эксперти Фредерик Фауст 13-март күнү кечинде суракка алынган.

УКМК бул аракетин эксперттин ишмердүүлүгү боюнча Оштун жашоочусу тарабынан арыз келип түшкөндүгү менен түшүндүрүүдө — арызда Фаусттун «улуттар аралык ынтымак боюнча ишмердүүлүгү жергиликтүү тургундардын арасында тынчсызданууларды жараткандыгы» жана ага байланыштуу чет элдик жаранга карата чара көрүү өтүнүчү жазылган.

Жыйынтыгында уруксат берүүчү документтери жок эмгек ишмердүүлүгү менен алектенип, миграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн Фаустка эки миң сом өлчөмүндөгү айып салынган.

«Фауст Кыргызстандын аймагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат берчү тешелүү документтери жок эле жергиликтүү калктын социалдын көйгөйлөрү боюнча иликтөө жүргүзгөн», — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

«Даниялык чиркөө жардамы» уюмунун суракка алынышы

Фуасттун суракка алынгандыгы тууралуу алгачкылардан болуп эксперт менен жолуккандан кийин маектешүү үчүн УКМКга чакырылган оштук журналист Шохрух Саипов билдирген.

Саипов билдиргендей, атайын кызматтагылардын өкүлү Фауст калкты улуттар аралык кастыкка чакырып, такталбаган маалыматтарды таркаткан деп шектелип жаткандыгын айткан.

Тергөөчү журналистке документ берген, анда «Даниялык чиркөө жардамы» уюмунун өкүлү өзбек коомчулугунун активисттери менен жолугуп, эл аралык уюмдар Кыргызстандагы өзбек тектүүлөрдүн кызыкчылыктарын коргой тургандыктарын айтып аларга убада беришкендиги жазылган.

Кийинчерээк журналист Фауст Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Оштогу бөлүмүндөгү алты сааттык сурактан кийин түн ичинде кеч бошотулгандыгын кошумчалаган.

Уюмдун өзү бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартып жатат.

«Даниялык чиркөө жардамы» — 2010-жылы  Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык кагылышуудан кийин андагы жаңжалдарды алдын алуу жана тынчтык орнотуу менен алектенип келген эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын бири.