Видео: Жол кайгуул кызматынын тескөөчүсү кармалган айдоочунун үстүндө отурат

Айдоочунун Жол кайгуул кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан кармалышы тартылган видео интернетке 18-март күнү жарыяланды. Анда милиция кызматкеринин Бишкектин тургунунун үстүнө отуруп алып документтерин көрсөтүүсүн талап кылып, а алардын жанындагы айдоочунун баласы атасын кое берүүлөрүн өтүнүп ыйлап жаткандыгы тартылган.

Жол кайгуул кызматынын өкүлү «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет басылмасына берген маегинде токтотулган адам тескөөчүнүн талаптарына баш ийбей, жол чырак кызыл күйгөндө токтобой өтүп кеткендигин билдирген.

«Аны жол чырактын тыюу салган белгиси күйгөндө токтобой өтүп кеткендиги үчүн токтотуп, протокол толтуруп башташкан. Бирок айдоочу күтүүсүздөн эле тескөөчүнүн колунан документтерин жулуп алып, кетүүгө камынган. Ошол маалда экинчи кызматкер аны кармап, протокол менен документтерди кайтарып беришин өтүнүп баштаганда айдоочу баш тартып, муздан тайып жыгылып кеткен. Бирок бул тескөөчүнүн айткандары боюнча гана», — деп түшүндүргөн Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматкери Тилек Оторов.

Анын маалыматтары боюнча, андан соң айдоочуну баш ийбегендиги үчүн кармап Октябрь РИИБсине алып барышкан. А айдоочу болсо Жол кайгуул кызматкерине каршы Октябрь райондук прокуратурасына арыз менен кайрылган.

«Жол кайгуул кызматынын тескөөчүсүнө карата прокуратура тергөө иштерин баштады. ШИИБиде да кызматтык териштирүүлөр башталды», — деп жазган «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет басылмасы Оторовдун айткандарын.

Басма сөз кызматынын өкүлү Жол кайгуул кызматынын тескөөчүсү эмне себептен кармалган адамдын үстүндө отургандыгы боюнча берилген суроого жооп берүүдө оңтойсузданып, милицияда видеонун дагы бир варианты бар экенин жана аны жакшылап көрүп чыга тургандыктарын айткан.