Атамбаев өкмөттү отставкага кетирди

Президент Алмазбек Атамбаев 19-мартта өкмөттү отставкага кетирүү жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Буга күн мурун «Ата Мекен» фракциясынын парламенттик көпчүлүк коалициясынын курамынан чыккандыгы себеп болду.

Эми премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев башында турган өкмөт жаңы министрлер кабинети түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткарат.

Кыргызстандын Конституциясына ылайык, министрлер кабинети жаңы коалициялык көпчүлүктүн курамы так белгилүү болгондон кийин түзүлөт — буга чейинки «Ырыс алды – ынтымак» коалициясы курамынан «Ата Мекен» фракциясы чыккандан кийин тарап кеткен.

Жаңы коалиция түзүү укугу президенттин чечими менен фракциялардын бирине берилет. Өлкө башчысынын жеке басма сөз катчысы Кадыр Токтогуловдун айтымында, Атамбаев бул маселени үч күндүн ичинде чечет.

«Үч жумушчу күндүн ичинде президент Атамбаев Жогорку Кеңештин фракцияларынын бирине парламенттик көпчүлүк коалициясын түзүү үчүн мандат тапшырат», — деп жазган ал өзүнүн Twitter кичиблогундагы аккаунтуна.

Имиш кептер

«Ар-Намыс» фракциясынан депутат Бакытбек Жетигенов Kloop.kgге берген маегинде эл өкүлдөрүнүн арасында премьер-министрликке парламент төрагасы Асылбек Жээнбековду же «Республика» партиясынын лидери, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановду сунуштоо тууралуу кептер жүрүп жаткандыгын билдирди.

«Жакында эле мага спикердин болушун каалап, Жээнбековду сунуштап жаткандыктарын айтышты. Дагы Бабановду да айтып жатышкан, «Республика» сунуштап жатат деп. Бирок бул ушактардын деңгээлинде гана, азырынча расмий түрдө эч ким айта албайт», — деди ал.

КСДП фракциясынан депутат Алла Измалкова Kloop.kgге берген маегинде ал «Ата Мекен» коалициянын сыртында калып, ал эми «Республика» тескерисинче  КСДП жана «Ар-Намыс» фракциялары менен бирге альянска биригиши ыктымал деп божомолдоп жатканын айтты.

«Республика» фракциясынан депутат Урмат Аманбаева да оппозицияда «Ата Мекен» менен «Ата-Журт» калышы мүмкүн деп божомолдойт. Ал Kloop.kgге берген маегинде «республикачылар» Бабановду премьер-министрликке көрсөтө тургандыктарын ырастады.

Kloop.kg тарабынан сурамжыланган «Ата-Журттун» депутаттары көпчүлүк коалициясынын курамында мурункудай эле — КСДП, «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракциялары калат деп эсептешет.

«Менин оюмча, өтө чоң деле өзгөрүүлөр болбойт», — деди «ата-журтчу» Бахадыр Сулайманов.

Премьер-министрликке башкы талапкер катары спикер Асылбек Жээнбеков (солдо) менен мурунку өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановдор (оңдо) айтылууда.
Премьер-министрликке башкы талапкер катары спикер Асылбек Жээнбеков (солдо) менен мурунку өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов (оңдо) айтылууда.

Өкмөттүн дарегине айтылган сындар

Акыркы айларда Сатыбалдиевдин өкмөтү парламент тарабынан көптөгөн сын-пикирлерге кабылып келген. Алар премьер-министрди дароо бир нече пункттар боюнча айыпташкан.

Алардын ичинде депутаттар «Кумтөр» ишканасы боюнча өкмөттүн канадалык «Центерра» компаниясы менен болгон сүйлөшүүлөрүнө нааразы болушкан — эл өкүлдөрү биргелешкен ишканадагы Кыргызстандын үлүшү өкмөт макулдашкандай 50 пайыз эмес, 67 пайыз болушун талап кылышкан.

Сатыбалдиевдин дарегине сындардын айтылышына премьер-министр 2011-жылы башкарып турган Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишмердүүлүгү да себеп болгон — парламент Сатыбалдиевди дирекцияга бөлүнгөн каражаттардын сарпталышына начар көзөмөл жүргүзгөн деп айыптаган.

Акыркы айларда парламенттин нааразычылыгы күчөп, фракциялар Сатыбалдиевди кызматтан кетирүү үчүн жетиштүү кол топтоого жетишишкен жана бул маселени алар жакынкы күндөрдөгү жыйында карап чыгууга даярданып жатышкан болчу.

Бирок өкмөттүн саясатына нааразы болгон «Ата Мекен» фракциясы 18-март күнү парламенттик көпчүлүк коалициясынын курамынан чыгып кетти. Өз кезегинде алардын бул кадамы альянстын, аны менен бирге өкмөттүн да тарашына алып келди.

«Ата Мекен» фракциясы коалициянын курамынан чыккандыгын Сатыбалдиевдин ага «жүктөлгөн милдеттенмелерди толугу менен аткарууга керектүү моралдык-саясий ресурстарды жок кылгандыгы» менен түшүндүрүүдө.

«Биз саясий чечим кабыл алып, Жантөрө Сатыбалдиевдин министрлер кабинетине саясий баа бердик», — деп билдирген «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев журналисттерге.

Автор: Айзирек Алмазбекова