Чүй облусу: Судьянын жардамчысы жактоочуну сабагандыгын танып жатат

Чүй облусундагы Аламүдүн районунун судьясынын жардамчысы жактоочуга кол салгандыгын танып жатат. Жактоочу болсо жардамчы аны «башы менен асфальтка сүздүрүп, курсакка тепкендигин» айтууда.

Аламүдүн районунун судьясынын жардамчысынын дарегине айтылган айыптоолор «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет басылмасында пайда болгон — анда жактоочу Назира Алтымышова судьянын жардамчысы ага сот актысын бербей, биринчи сол салгандыгын билдирген.

«Мен жулунуп, аны түртө баштадым. Бул анын жинин келтирди окшойт, ал мен тараптан каршылык көрсөтүүгө кабылгандыгына жаалданып кирди [...] Ошол маалда менин көзүм караңгылап, башым катуу ооруп чыккан, а ал болсо мага жетип келип курсакты көздөй дагы бир нече жолу тээп жиберди», — деп жазган  «Вечерний Бишкек» Алтымышованын айткандарын.

Судьянын фамилиясын айтуудан баш тарткан жардамчысы Азаматтын өзү Kloop.kgге берген маегинде жактоочуга кол салбагандыгын билдирди.

Анын айтымында, Алтымышова андан соттук актыны тезирээк берүүсүн талап кылып көшөрүп туруп алган, бирок судьянын жардамчысы башка адамдар менен алек болуп жатканын айтып, тез аранын ичинде бере албастыгын билдирип бир аз күтө туруусун өтүнгөн.

Азамат ага соттук документти дароо бере албай тургандыгын билдиргенден кийин жактоочу биринчилерден болуп аны жаакка уруп жибергендигин айтты.

«Ал мени сол жаагыма урду, катуу урду. Андан кийин мен аны тынчытууга аракет кылып, мага дагы асылбасын деп өзүмдөн ары түрткөм. Ал болсо кайрадан жулунуп, түрдүү жаман сөздөрдү айта баштады», — деди ал.

2014-03-18_15-40-13_248272_w-1
Жактоочунун айтымында, Азамат кол салгандан кийин анын буту сыйрылган.

Kloop.kg тарабынан сурамжыланган Аламүдүн райондук сотунун кызматкерлери Алтымышеванын аракеттерин «адекватсыз» аракет катары мүнөздөштү — алардын айтымдарында, жактоочу урушуп, алардын кесиптешине кол салган.

Түшүндүрмө алуу үчүн юристтин өзү жеткиликсиз болуп жатат — анын ордуна телефон трубкасын алган адам учурда жактоочу ооруканада экенин жана бул боюнча азыр эч кандай түшүндүрмө бере албай тургандыгын айтты.

«Вечерний Бишкектин» маалыматы боюнча, жактоочунун баш сөөгү жабыркап, мээси чайкалып, колдору менен буттары сыйрылган.

Азырынча сот кызматкери менен жактоочунун ортосундагы уруш фактысы боюнча кылмыш иши козголо элек.

Автор: Хлоя Гейне