Видео: Кургак учукка каршы бий сынагы

Кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата бий сынагы 19-мартта Бишкектеги Орус драмалык театрында болуп өттү.

Сынакка 10го жакын бий топтору катышышты. Алардын арасында жаңы бийлеп баштаган, ошондой эле профессионал бийчилер дагы бар болду. Сынактын жыйынтында Бишкектин Flash Point бий тобу жеңүүчү аталды.

Сынактын калыстарынын бири Жан Воинов катышуучулардын бийлери тууралуу өз пикирин билдирди.

«Бийчилердин деңгээли өсүп келе жаткандардыкындай болду, анткени аларга даярдануу үчүн бир гана жума убакыт берилген. Эгер биздин бийчилерге даярданууга үч-төрт айлык убакыт берсек деңгээлдери Европадагыдай болот», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Байгелүү орундардын бирине ээ болгон команда капитаны Дастан Авасов ал командасы биринчи орун алат деп ойлоп жатканын айтты.

«Биз өзгөчө бир нерсе тартуулоого аракет кылдык, бий менен фокустарды айкалыштырууга аракеттендик. [...] Биз мындан ары да командабызды алдыга илгерилетүүгө атакет кылабыз», — деди бийчи.

Видеонун автору: Владимир Цай