ЖКК видеосу: Инспектор каршылык көрсөткөн айдоочунун үстүндө

Жакында жүз берген окуя боюнча Жол кайгуул кызматы өзүнүн видеосун таратты. Анда милиция кызматкери Бишкектин тургунунун үстүнө отуруп алып, документтерин көрсөтүүсүн талап кылган. Милициянын айтуусунда, айдоочу жол чырак кызыл жанып турганда өтүп кеткен жана документтерин көрсөтүүдөн баш тартып каршылык көрсөткөн.

ЖКК тараткан видео

Ал эми бул интернетте ЖКК кызматкерлерини видеосуна чейин биринчи пайда болгон видео

Айдоочунун Жол кайгуул кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан кармалышы тартылган видео интернетке 18-март күнү жарыяланган. Анда милиция кызматкеринин Бишкектин тургунунун үстүнө отуруп алып документтерин көрсөтүүсүн талап кылып, а алардын жанындагы айдоочунун баласы атасын кое берүүлөрүн өтүнүп ыйлап жаткандыгы тартылган.

Милиция видеодогу окуяны айдоочу жол чырак кызыл жанып турганда токтобой өтүп кеткендиги жана андан кийин Жол кайгуул кызматынын тескөөчүлөрүнүн талаптарына баш ийбей, документтерин көрсөтүүдөн баш тарткандыгы менен түшүндүрүүдө.

«Аны жол чырактын тыюу салган белгиси күйгөндө токтобой өтүп кеткендиги үчүн токтотуп, протокол толтуруп башташкан. Бирок айдоочу күтүүсүздөн эле тескөөчүнүн колунан документтерин жулуп алып, кетүүгө камынган. Ошол маалда экинчи кызматкер аны кармап, протокол менен документтерди кайтарып беришин өтүнүп баштаганда айдоочу баш тартып, муздан тайып жыгылып кеткен. Бирок бул тескөөчүнүн айткандары боюнча гана», — деп түшүндүргөн Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматкери Тилек Оторов «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет басылмасына берген маегинде.

Анын айтымында, айдоочу документтерин көрсөтүүдөн баш тарткандан кийин өзү тайгаланып жыгылып кеткен — бирок андай учур бүгүн таратылган видеодо так чагылдырылган эмес.

Оторов учурда Жол кайгуул кызматынын тескөөчүсүнө карата тергөө иштери башталгандыгын айтты. Ал милиционердин эмне себептен айдоочунун үстүнө отуруп алгандыгы боюнча берилген суроого так жооп бере алган жок.

Азырынча окуя боюнча айдоочунун версиясы белгисиз.

Урматтуу окурмандар, эгер сиздерге айдоочунун байланыш номурлары белгилүү болсо биз менен  +996 773 018 918 номуру же eldiyar@kloop.kg жана bektour@kloop.kg электрондук даректери аркылуу байланышууңуздарды өтүнөбүз.