Кыргызстандын ТИМи: Крым референдумунун жыйынтыктары — «объективдүү чындык»

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Крымдын Орусияга кошулушу боюнча өткөн референдумдун жыйынтыктарын жарым аралдын «калкынын басымдуу көпчүлүгүнүн эрки» деп атады. Ошол эле маалда Кыргызстан Орусия менен Украинаны «сабырдуулукка» жана талаш маселелерди тынчтык сүйлөшүүлөр жолу аркылуу чечүүгө чакырды.

20-мартта Кыргызстан Крымдагы жекшемби күнкү референдум боюнча алгачкы билдирүүсүн жасады. Расмий маалыматтар боюнча, ал референдумдун жыйынтыгында добуш бергендердин 96 пайыздан көбү жарым аралдын Украинанын курамынан чыгып Орусияга кошулуусун колдошкон.

Кыргыз бийлигинин пикири боюнча, ал референдумдун жыйынтыктары «объективдүү чындык» болуп эсептелет.

«Крымдагы референдумдун жыйынтыктары Автономдуу Республиканын калкынын басымдуу көпчүлүгүнүн эрки экендигин аныктады. Аталган референдумга кандай гана карама-каршы баалар берилбесин, бул анын объективдүү чындык экендигин көрсөтүп турат», — деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

Кыргызстан референдумдун жыйынтыктарына өз баасын берген эмес. Ошондой эле билдирүүдөн Кыргызстан Крымды Орусиянын бир бөлүгү катары тааныган-тааныбагандыгы да так белгисиз.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украин кризиси боюнча буга чейинки билдирүүлөрүндөй эле 20-мартта да сактануу менен текстинде болушунча балансты сактоого аракет кылган.

«Кандай гана демилгелер жана иш-аракеттер болбосун, бардыгы Украинадагы жана жалпы эле аймактагы туруксуз тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоого багытталып, ал эми күч ыкмалары менен карама-каршылыкка жол берилбөөгө тийиш», — деп билдирди министрлик.

Ошондой эле Кыргызстан билдирүүсүндө Орусия менен Украинаны «сабырдуулукка чакырды».

«Кыргыз Республикасы бардык тараптарды болушунча сабырдуулукка жана болгон талаш маселелерди эл аралык укуктун жана БУУнун Уставынын алкагында тынчтык суйлөшүүлөр жолу аркылуу чечүүгө чакырат», — деп жазылган билдирүүдө.

«Мурунку бийлик күнөөлүү»

Аны менен катар ТИМ Украин кризиси үчүн февралдын соңунда бийликтен кеткен өлкөнүн мурунку чиновниктерин айыптады.

«Кыргыз Республикасы, мурдагыдай эле, Украинанын мурунку бийлигинин ойлонулбаган иш-аракеттери жана коррупциялангандыгы бүгүнкү күндөгү кризиске жана ондогон күнөөсүз адамдардын өлүмүнө алып келди деген пикирде», — деп билдирди расмий Бишкек.

Украинадагы бийлик алмашуудан кийинки Киев.
Украинадагы бийлик алмашуудан кийинки Киев.

Кыргызстан 11-марттагы буга чейинки билдирүүсүндө Украинанын бийликтен кеткен мурунку президенти Виктор Януковичти «легитимдүү эмес» деп сыпаттап, бийликтин булагы катары элди атаган.

Ал билдирүү боюнча кыргыз коомчулугу ар түрдүү пикирлерин айтышкан — орусиячылдар аны катуу сынга алышса, Украинадагы жаңы бийликти колдогондор Кремлдин расмий көз карашына карама-каршы келген билдирүү тараткан ТИМдин позициясы менен сыймыктана тургандыктарын билдиришкен.

Аскерлердин көз алдындагы добуш берүү

Крымда референдум 16-март күнү өткөн.

Добуш берүүнүн расмий жыйынтыктарына ылайык, референдумга калктын 82 пайызы катышып, алардын 97 пайызы Крымдын Орусия Федерациясынын курамына кирүүсү үчүн добуш беришкен.

Крымдагы референдум Кремлдин колдоосунда, ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путин «Крымдын коргоо тобу» деп атап жаткан жарым аралдын аймагындагы орусиянын аскерлеринин көз алдында өттү.

Ошол эле маалда референдумду батыш өлкөлөрү менен Украинанын жаңы бийлиги тааныган жок. Орусия болсо «Крымдын жашоочуларынын мүдөө-тилегин сыйлай тургандыгын» билдирип, дароо эле жарым аралдын өз аймагына кошуу процессин баштаган.

Крымдагы референдум Жогорку Раданын Орусияга багыт алган президент Виктор Януковичти бийликтен кетиргенине бир ай боло электе эле өттү. Украина парламенти Януковичти президенттиктен кетирүү үчүн 22-февралда добуш берген болчу.

Януковичтин бийликтен кетишине Киевде жана өлкөнүн батыш бөлүгүндөгү үч айга созулган нааразычылык акциялары себеп болгон. Алар демонстранттар менен атайын даярдыктагы күч түзүмдөрдүн кагылышуулары менен коштолгон. Эң айыгышкан кагылышуулар 18-20-февраль күндөрү орун алып, анын жүрүшүндө 100дөн ашык киши каза болгон.

Орусия дагы деле Украинанын жаңы бийлигин тааный элек. Ал 28-февралдан баштап Крым жарым аралын көзөмөлдөөнү өз колуна алган. Бирок андагы орус аскерлери расмий түрдө Крымдын коргонуу тобу деп аталып келген.

Автор: Бектур Искендер