Жаңы парламенттик коалицияны КСДП фракциясы түзөт

Президент Алмазбек Атамбаев парламенттик социал-демократтар фракциясына (КСДПга) жаңы көпчүлүк коалициясын түзүүгө мандат тапшырды. Буга чейинки коалиция курамынан «Ата Мекен» фракциясы чыгып кеткенден соң тараган.

Буга чейинкидей эле жаңы парламенттик коалицияны түзүү укугу бийликчил КСДП фракциясына берилди.

Парламенттеги партиялардын санын эске алганда жаңы көпчүлүк коалициясын түзүү үчүн кеминде үч фракциянын биригүүсү талап кылынат. Андан соң алар биргеликте министрлер кабинетин түзүшөт.

КСДП үч апта ичинде — 11-апрелге чейин — жаңы коалиция түзүп, премьер-министрликке талапкер көрсөтүшү керек.

Азырынча жаңы түзүлө турган коалициянын курамына кайсы фракциялардын кире тургандыктары так белгисиз, бирок анын курамы мурункудай эле — КСДП, «Ар-Намыс» жана «Ата Мекен» бойдон калышынын ыктымалдыгы жогору.

Буга чейин Kloop.kgге берген маегинде КСДП фракциясынан депутат Алла Измалкова билдирген дагы бир версия боюнча, «Ата Мекен» оппозицияда калып, анын ордун «Республика» ээлеши мүмкүн.

«Республика» фракциясынын коалицияга кирүү каалоосу бар экендигин ал партиянын депутаты Урмат Аманбаева да ырастаган.

«Максатсыз сарптоо»

Коалиция курамынан «Ата Мекен» фракциясы чыккан соң, 18-март күнү тараган.

«Ата Мекендин» депутаттары Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүн Кыргызстан менен канадалык «Центерра Голд» компаниясына таандык «Кумтөр» алтын өндүрүү компаниясына ээлик кылуу боюнча «пайдасыз» макулдашууга барган деп айыпташкан.

Ошондой эле Сатыбалдиевдин 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуудан кийин түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциядагы ишмердүүлүгүн сынга алып жатышат — депутаттык комиссия билдиргендей, дирекцияны Сатыбалдиев башкарып турганда анда 570 млн. сом «максатсыз пайдаланылган».

«Атамекенчилер» Сатыбалдиевди кызматтан кетирүүнү парламентте добуш берүү жолу менен февралда демилгелөөгө аракет кылышкан, бирок ал ойлору ишке ашпай калган соң фракция өкмөттү коалиция курамынан чыгуу менен таратууга жетишти.

Автор: Айзирек Алмазбекова