Баскетбол, «Нооруз-2014»: Кыргызстан казакстандык «ЦСКАны» утуп, үчүнчү орунга ээ болду

Бүгүн Кыргызстан курама командасы өлкөнүн аймагындагы эң беделдүү болуп эсептелген Нооруз майрамына арналган эл аралык мелдештин финалында Казакстандын «ЦСКА» командасын утту. Оюн 84:80 эсебинде аяктады.

Кыргызстан «Нооруз-2014» мелдешинде Казакстандын «ЦСКА» клубунун үстүнөн жеңишке жетип төрт команданын ичинен үчүнчү орунду алды. Бул курама команданын акыркы үч жылдан берки биринчи жолу байгелүү орунга ээ болушу.

Казакстандын «ЦСКАсына» каршы оюнда эсепти биринчилерден болуп алгачкы мүнөттөрдө Кыргызстан курамасы ачты. Бирок көп өтпөй эле Казакстандын командасы демилгени өз колуна алып алдыга озуп чыкты.

Оюндун экинчи бөлүгүндө «ЦСКА» кыргыз курамасынын корзинасына активдүү топ ыргытууларын улантты — беттештин экинчи жарым бөлүгү казак клубунун пайдасына 38:28 эсебинде аяктады.

Кыргыз баскетболчулары тыныгуудан кийин да жакшы оюн көрсөтө алышкан жок, а казакстандыктар кысым көрсөтүүлөрүн уланта берди.

Анткен менен акыркы көз ирмемдер кыргыз баскетболчулары үчүн ийгиликтүү болду — алар беттештин аяктаарына эки мүнөт калганда демилгени өз колдоруна алып, атаандаштарынан төрт упайга озуп кетүүгө жетишишти.

Оюн 84:80 эсеби менен Кыргызстандын пайдасына аяктады.

Автор: Виталий Белошапкин