Экс-министр Сабиров мунапыс менен абактан бошотулду

Коррупция үчүн соттолгон мурунку социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров Адам укуктары боюнча декларациянын 65 жылдыгына карата мунапыс менен бошотулду. Ал дагы төрт жыл камакта болушу керек болчу.

Сабировду бошотуу чечими Түзөтүү абактарындагы мыйзамдуулукка көзөмөл жүргүзүү боюнча прокуратурасы тарабынан кечээ, 20-мартта кабыл алынды — бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Экс-министр президент тарабынан үстүбүздөгү жылдын январынын соңунда кол коюлган «Адам укуктары боюнча декларациянын 65 жылдыгына карата мунапыс жөнүндөгү» мыйзамдын 1-беренеси менен бошотулду.

«Эрезеге жете элек экиден кем эмес же мүмкүнчүлүгү чектелген баласы бар, же болбосо кол алдында I топтогу майып ата-энеси бар үй-бүлөдө жалгыз багуучу адамдарды бошотуу», — деп жазылган Сабиров бошотулган пунктта.

Мурунку социалдык өнүктүрүү министри дагы төрт жыл камакта болушу керек болчу — ага карата 2013-жылдын майында 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылып, жаза мөөнөтүн катаал режимдеги №47 абакта өткөрүп жаткан.

Буга чейин көзөмөлдөөчү орган мунапыс Кылмыш кодексинин бир нече беренеси боюнча кызматтык кылмыш кылган чиновниктер үчүн колдонулбай тургандыгын билдирген.

Бирок Сабировдун жактоочусу чиновникти мунапыс менен бошотуудан баш тартуу чечими боюнча сотко кайрылып, экс-министр соттолгон 310-берене өкүм чыгарылганга чейин эле Кылмыш кодексинен алынып салынгандыгын билдирген.

Сабиров менен анын жардамчысы Тахир Мирзакмедовго каршы кылмыш иши 2012-жылдын июлунда козголгон. Экс-министрге каршы кылмыш ишинин козголушуна жардамчысы Мирзакмедовдун параны жетекчиси үчүн талап кылгандыгы тууралуу берген көрсөтмөсү себеп болгон.

Экс-чиновник италиялык компанияга Кыргызстандын аймагында бала асырап алуу лицензиясын берүү үчүн алардан пара талап кылган деп айыпталгандан соң 2013-жылдын май айында мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен 5 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Сабировдун өзү Kloop.kgге берген маектеринин биринде айыптоолордун бир дагы пункту менен макул эмес экендигин жана чет элдик компаниядан пара талап кылбагандыгын билдирген.