Айрым бир имамдардын Ноорузду майрамдабоого чакыргандыктары менен Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы бул майрамга каршы эместигин расмий түрдө билдирди.
Kloop.kgге берген маегинде Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Асан Саипов дин кызматчылары расмий түрдө «Ноорузду майрамдоого каршы эместигин» билдирди.
«Биз жөн гана Куранга таянуу менен Нооруздун мусулмандардын майрамы болуп эсептелбей тургандыгы жөнүндө маалымат беребиз», — деди ал.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы бул позициясын Кыргызстандагы мусулмандардын арасында Ноорузду майрамдабоо чакырыктарынын фонунда билдирди.
Буга чейин бир катар имамдар кимде-ким Ноорузду майрам катары кабылдаса «ал мусулманчылыктан чыгып кала» тургандыгын билдиришкен болчу.
Асан Саиповдун айтымында, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Нооруздун Кыргызстандын мусулмандары үчүн «салттуу» майрам болуп калгандыгын мойнуна алат.
«Эгер элдин майрамдагысы келсе биз тыюу сала албайбыз, анткени [Нооруз] жалпы элдин, өлкөнүн салтына айланып калды», — деди Саипов.
«Бутпарастык» майрам
Ноорузду майрамдоону сынга алгандардын бири Кыргызстандын мурунку муфтийи Чубак ажы Жалилов.
Ал өзүнүн «Фэйсбукдагы» баракчасына «О мусулман бир тууган! Бутпарастык Нооруз майрамын майрамдоону токтот!» деген жазуусу бар сүрөттү жайгаштырган.
Ошол эле социалдык түйүндөгү мусулмандар арасында популярдуу болгон «Насаат Медиа» баракчасында Ноорузду майрамдоого каршы расмий диний тыюу салуу болуп эсептелген фатва чыккандыгы да жазылган.
Бирок Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы бул фактыны ырастабай эле.
Жаз майрамын майрамдабоо чакырыктарынын өсүп жатканына карабастан 21-мартта Бишкектеги борбордук «Ала-Тоо» аянтына салттуу түрдө миңдеген адамдар чогулушту. Кыргызстанда мамлекеттик майрам катары эсептелген Нооруз өлкөнүн башка шаарларында да расмий түрдө майрамдалды.
Ваххабизм менен салафизмдин таасири
Кыргызстандын дин тануучулары Нооруздун айланасындагы талаш-тартыштар — бул жөн гана Исламдын эки укуктук мектебинин ортосундагы карама-каршылыктардын бөлүгү экенин айтып жатышат.
Дин таануучу Галина Колодзинскаянын айтымында, СССР тараганга чейин Кыргызстанда суннизмдин ханафиттик укуктук мектебинин окуулары көбүрөөк жайылган.
«[Ханафиттик мектеп] шарият менен салттын аралашуусуна уруксат берет жана ата-бабалардын маданиятын сыйлоо менен Ноорузду майрамдоого тыюу салбайт», — деп түшүндүрдү Колодзинская.
«Нооруз — чындыгында эле ислам майрамы эмес, бирок кыргыз элинин маданиятында ал майрам бойдон калууда. Демек, кыргыз-мусулман-ханафит болуп, мурункудай эле Ноорузду майрамдай берсе болот», — деп кошумчалады ал.
Колодзинскаянын айтымында, анткен менен 90-жылдардан баштап Кыргызстанда ваххабизм, салафизм сыяктуу агымдарга тиешелүү болгон катуураак тартиптеги хамбала укуктук мектебинин окууларын жайылткан диний кызматкерлер пайда болгон.
«Бул [укуктук мектеп] «катуураак» болуп эсептелет. Хамбалаларга ылайык, коомчулук менен адамзаттын жашоосун шарият гана көзөмөлдөй алат», — дейт Колодзинская.
Кыргызстандын расмий дин кызматкерлеринин ханафиттик мектепти жактай тургандыктары жөнүндөгү бир нече жолку билдирүүлөрүнө карабастан бүгүнкү күндө өлкөдөгү мечиттердин көпчүлүгү катуу тартиптеги хамбала мектеби жайылган Сауд Аравиясындагы демөөрчүлөрдүн акчасына салынууда.
«Бизде азыр «салттуу» бөлүкчөлөр менен кандай гана жаңы нерселер болбосун аларга каршы чыккан салафиттик багыт жайылган. Ошондон улам карама-каршылыктар болууда», — деди Кыргыз-Орус Славян университетинин дин таануу боюнча ага окутуучусу Индира Асланова.
Коомчулуктун пикири ар кандай
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын коомчулугунда Нооруз боюнча карама-каршылыктуу пикирлер айтылууда.
Kloop.kgнин кабарчылары бул боюнча Бишкектин борборунан онго чукул адамдын пикирин сурап, бири-бирине карама-каршы келген жоопторду алышты.
Эреже катары Кыргызстандын Ислам университетинин студенттери зороастризм доорунда пайда болуп, жазгы күн менен түндүн теңелишине арналган Ноорузду майрамдабоо чакырыктарына макул болушкан.
«Шариятта мындай майрам жок, мен майрамдабайм», — деди Ислам университетинин студенттеринин бири.
Журналисттер тарабынан сурамжыланган токтоороок мусулмандар бул майрамды майрамдап келгендиктерин жана келечекте да майрамдай тургандыктарын айтышты.
«Бул кылымдардан берки келе жаткан кыргыз майрамы. Аны кимдир бирөө майрамдаса, кимдир бирөө майрамдабайт — ар кимдин өз пикири бар жана ар ким өзүнө жараша түшүнүп, кабылдайт. Биз чогулуп майрамдайбыз», — деди 65 жаштагы пенсионер Майрам эже.
А кээ бирлери аны таптакыр эле мусулман майрамы катары эсептешип, жаңылышышат. Kloop.kgнин журналистине жоолукчан кыз «бул мусулмандардын улуттук майрамын майрамдаш керек» деди.
Нооруз негизинен перс жана түрк элдери жашаган Иранда, Борбордук Азия өлкөлөрүндө, Түркияда жана Кавказда өтө кеңири майрамдалат.
Жакынкы Чыгыштагы араб өлкөлөрүндө Нооруз расмий түрдө майрамдалбайт, алардын кээ бирлеринде — алсак, Сирияда — майрамдоого таптакыр эле тыюу салынган.
Авторлор: Толгонай Умуралиева жана Бектур Искендер