Видео: Орусиядагы мигранттар эң узун бойлуу кыргызстандык үчүн акча топтошту

«ВКонтакте» социалдык түйүнүндөгү топтордун катышуучулары эң узун бойлуу кыргызстандык Жеңишбек Райымбаев үчүн 20 миң сомдон ашык каражат чогултушту. Кайрымдуулук акциясын өткөрүү идеясы Kloop.kgнин редакациясы тарабынан тартылган видеону көргөндөн кийин пайда болгон.

Активист Максат Турсунбек уулу Kloop.kgге берген маегинде өнөктүктү баштоо идеясы Райымбаевдин Ош базарда акча үчүн сүрөткө түшүп жаткандыгы тартылган видеону көргөндөн кийин «Под небом Кыргызстана» жана «Керемет жерим Кыргызстан» топторунун менеджерлеринин оюна келген.

Анын айтымында, ал топтордун катышуучулары негизинен Орусияда жашаган же ал жакка акча табуу үчүн барышкан кыргыз мигранттары болуп эсептелишет.

«Орусиянын ар кайсы шаарларынан — Новосибирск, Иркутск, Москвадагы — көптөгөн катышуучулар кайдыгер болушкан жок. Студенттер баш болуп 200-300 рублден, ким канча акча жөнөтө алса ошончо салып жатышты», — деди ал.

Турсунбек уулунун айтымында, интернет колдонуучулар 20 миң сомдон ашык каражат чогулта алышкан жана ал каражат Чүй облусундагы Ноорузду майрамдоо маалында Жеңишбек Райымбаевге тапшырылды.

«Райымбаев адамдардын аны колдоп жатышы жагымдуу экенин айтты. Ал пенсиясы үч миң сомду түзөөрүн билдирип, өтө сүйүнгөнүн айтты», — деди активист.

Райымбаевдин Ош базарында акча үчүн сүрөткө түшүп жаткандыгы тартылган видеого карата интернет колдонуучулар тарабынан көптөгөн пикирлер жазылган. Алар мамлекеттен катуу оорулуу эң узун адамына кам көрүүсүн талап кылышкан.

Эң узун бойлуу кыргызстандыктын акча  үчүн сүрөткө түшүп жаткандыгы тартылган видео:

Бул видео жарыялангандан кийин боюнун узундугу 2 метр 30 сантиметрден ашкан  Райымбаев Социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы реабилитациялык борборго жаткырылган.

Эки жыл мурун дарыгерлер ал кант диабети менен ооруй тургандыгын жана денесине көптөгөн чыйкан чыгып кеткендигин аныкташкан болчу. Азыр анын бетинде жана башында айыгып кетчү шишиктер бар.