Калк да, мал да сайдан суу ичип

Ош облусундагы Алай районунун үч миӊден ашуун түтүн жашаган Үч-Дөбө айыл аймагында  суу чыкпай калганда эл да, мал-куш  да баары сайдан суу ичет. Мындан улам эхинококкоз жана сарык оорулары күчөп жатат деп калк коӊгуроо кагууда. Жергиликтүүлөр таза суу чыгарууну сурап эл аралык донорлорго кайрылган. Бирок, калк кошумчасы топтолбой, ишке аша элек. Бийликтер дагы бир чарасын табуу айласында. Суу боюнча адис калкты активдешүүнү, бийликти каражатка камдуу болууну сунуштайт.

Эскилиги жеткен суу түтүктөрү

Үч-Дөбө айыл аксакалы Калдыбай Кулатов таза суу көйгөйүн көп тарткан. Мындан 45 жылдай мурун орнотулган суу түтүктөрүнүн эскиргенин оӊдоп, эптеп суу чыгарып келатышканын айтат.

Калдыбай Кулатов
Калдыбай Кулатов

“Бул суу түтүктөрү мал сугаруу үчүн чыгарылган эле. Адамдар да ошондон иччүбүз. Эскиргенине запчасть сатып келип, алмаштырып келатабыз. Насостор иштебей, трубалары чирип, бир катарын алмаштырганбыз. Эскилиги эбак жеткен. Эми жаӊылап, же башка жактан суу чыгарып берсе, жакшы болмок. Кээде суу чыкпай калат. Айылдан 3-4 чакырым алыска барып, эшек менен суу алып келип жатабыз”,- дейт Калдыбай Кулатов.

Үч-Дөбө айыл аймагындагы Кичи-Кара-Кол менен Ак-Жай айылдары катарлаш.  1970-жылдары мал үчүн деп тартылган суу түтүктөрү ушул эки айылга туташ. Суу чыкпай калганда эл да, ит-куш да,  мал жандыктары баары сайдан суу ичет. Ошондон улам жашоочулар эхинококкоз менен көп ооруй баштаганын айтат айыл башчы. Маалымдалгандай, жакында медициналык кароодо 10дон ашык баладан эхинококкоз чыгып, айрымдары операция болгон.

Сайдилла Акунов
Сайдилла Акунов

“Жогорку айылдан туташ түтүктөр аркылуу суу чыкчу. Кышкысын чыкпай калат. Ошондо эл сайдан ташып ичет. Малдын баары сайда. Элде оору көп. Балдардын көбү эхинококкоз менен ооруп, райондук ооруканада операция болуп сакайып келип жатышат”,- дейт Ак-Жай айыл башчысы  Сайдилла Акунов.

Таза суунун жоктугунан бала бакчада сарык да катталган.

“Сайдан суу алып чыгып ичебиз, улоо жокто арыктан деле алабыз. Былтыр 4 бала сарык болуп, дарыланып чыккан», дейт бала бакча тарбиячысы Дилфуза Чомоева.

 Дилфуза Чомоева.
Дилфуза Чомоева.

Айылдык кеӊеш депутаты бул маселени Өкмөт да, райондук бийликтер да кабардар экенин айтат. Бирдиктүү долбоорлорду жасасак дейт.

«Суу түтүктөрүнүн коюлганына 40 жыл болду. Эскини эптегенче эсиӊ кетет. 5 чакырым узак жашаган айылга таза суу тартуу керек. Антпесе, ар кандай оорулар жугат экен. Долбоорлорду иштеп чыксак, Өкмөттөн жардам болсо, суу чыгып калса»,- дейт айылдык кеӊеш депутаты Русланбек Кеӊешбаев.

Русланбек Кеӊешбаев
Русланбек Кеӊешбаев

Жергиликтүү бийлик таза суу чыгарып берүүнү сурап эл аралык уюмдарга да кайрылган. Бирок, каражаттын айынан иш токтоп турат. Эми башка чараларды да издөөдө.

«Өзү агып келүү жолу менен суу чыгарууга Азия Өнүктүрүү Банкы менен иштешүүгө аракет кылдык эле. Элден чогула турган акча 360 миӊге жетип калып, ошону топтой албай, бул иш да калып кетти. Жаӊы долбоорлорду жазып жатабыз», - дейт Кичи-Кара-Кол айылынын башчысы Каныбек Алмаматов.

Анткен менен, донорлордун каржылоосу жана калктын өз кошумчасы менен бир катар айылдар таза сууга  жетишкен.

Каныбек Алмаматов
Каныбек Алмаматов

Долбоорлорду ишке ашырууга катышкан адис Элвира Икрамованын айтымында, таза сууну жаӊыдан тартып келүү бир кыйла оор жана көп каражатты талап кылат. Мурда иштеп, бирок, эскирген суу түтүктөрүн алмаштырып, ишке салууга мүмкүнчүлүктөр болот, жергиликтүү калк жана бийликтердин аракети менен.

«Мисалы, биз Оштогу лөлү мааледе, Мады айыл аймагында жана Ала-Бука районундагы айылда жергиликтүүлөрдүн жардамында таза суу чыгарууга көмөктөшкөнбүз. Эл аралык жана бейөкмөт уюмдар бирлегешип, суу түтүктөрүн жаӊылоого каржы бөлгөн. Сөзсүз калктын да кошумчасы болот. Буга акча эле эмес, жумушчу күчтөрү да кошо эсептелет. Ошол трубаларды казып, кайра орнотууда калк кошо кызмат кылат. Негизи эле, конфликттүү абал суу  талашынан да чыгат эмеспи. Бул долбоорлор чыр-чатактардын алдын алууга максатталган эле»,- деди бейөкмөт уюмда долбоор аткаруучу Элвира Икрамова.

Захват-14

Көйгөй кантип чечилет?

Ичүүчү таза суу жок айылдардын көйгөйүн кантип жеӊилдетсе болорун «Борбор Азиядагы суу альянсы» коомдук бирикменин программалык менеджери Тынарбек Мусабаев kloop.kg_ге айтып берди.

kloop.kg: - Таза суу көйгөйүн чечүүгө калк бейөкмөт уюмдардан да жардам сурайт.  «Борбор Азиядагы суу альянсы» коомдук бирикме кантип көмөк көрсөтөт?

Тынарбек Мусабаев:  - Биз жер-жерлерде ичүүчү суу көйгөйүн суу комитеттеринин аракети менен чечүүгө көмөктөшөбүз. Бирок, кээ бир айылдарда суу комитеттери жок, же иштебейт. Айрым жерлерде Өкмөттүн карамагында.  Эгер суу комитети жок болсо, калк арасынан активдүү жарандар коомдук бирикме болуп юридикалык мекеме түзүп, анан маселени чечишүүгө бейөкмөт уюмдарга кайрылса болот. Бир-эки үй бүлө бул көйгөйдү айтып чыккандан көрө коомдук бирикме активдешсе, натыйжалуу болот. Мисалы Борбор Азиядагы суу альянсына мүчө болуп кирүүгө комитет арыз менен кайрылса, жалпы жыйында арыз каралып, кабыл алуу-албоо боюнча токтом чыгарат. Анан техникалык экспертизалар жүргүзүлөт. Мисалы, суу түтүктөрүнүн абалы, канча аралыкка тартылган, канча колонка бар дегендей.

kloop.kg: - Ичүүчү суунун сапаты, суу аркылуу жугуштуу оорулардын тарашы мониторинг кылынабы?

Тынарбек Мусабаев:  - Биз жер-жерлерде таза суу менен камсыздоо жөнүндө акысыз кеп-кеӊештерди беребиз. Суунун сапатын биз текшербейбиз. Ошол суу комитеттери аркылуу комплекстүү иш алып барабыз. Санитария, гигиена боюнча окутуулар өтүлөт. Суу аркылуу жугуштуу оорулардын тарашы маалымдалат. Эгер суудан жугуштуу оорулар тараган болсо, атайын уюмдарга, эксперттерге сунуштайбыз. Алар жеринде изилдеп, зарылчылыгына карап дары-дармектерди  таратып берет.

kloop.kg: - Таза суу тартып келүү үчүн жергиликтүүлөр да өз салымын кошмою бар эмеспи. Каражат толук топтолбой калып, долбоорлор ишке ашпай калат дешет. Муну чечүүгө жергиликтүү бийликтер кантип кол кабыш кыла алат?

Тынарбек Мусабаев:  - Кептин баары калктын сууга болгон мамилесинде. Мисалы, көп жашаган айыл аксакалы айтышы мүмкүн, менин ата-бабам сууга акча төлөбөй эле жашап келген, эмнеге мен төлөйм деп. Долбоорлорду аткарууга адам күчү, же человеческий ресурс деп коебуз го, бул да керектелет. Эл өз укуктарын жана милдеттерин билбесе, мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануудан четте калат. Көбүнчө суу комитеттери түзүлгөн аймактарда долбоорлор иштеп жатат. Негизи эле, демилгени эл өзү көтөрүп чыкканы дурус. Кээ бир аймактарда суу боюнча адистердин билимин жогорулатуу да зарыл.

Азыр айыл өкмөттөр бюджетти өздөрү түзүп жатат. Жылда инфраструктураны жакшыртуу үчүн каржы бөлүнөт. Көйгөйлүү маселени ошол каражаттар менен да чечүүгө мүмкүн.

Калк  пикири

«Эмне себептен ичүүчү сууга жетпеген айылдар дагы эле бар?» деген суроого коомчулук өкүлдөрүнүн пикири:

Мамасалы Эркебаев, Алай районунун тургуну, пенсионер:

- Менимче, көп айылдарда эле ичүүчү суу түтүктөрү тартылган. Бирок, ошону коромжу кылбай, бузуп ийбей жакшы пайдалануу керек да. Кээ бирөөлөр таза сууга жетпей жатса, бирөөлөр огород сугарат. Эгер колонкалар иштен чыкса, аны оӊдотууга да акча керектелет эмеспи. Суу крандарын көзөмөл кылбаса болбойт.

Махабат Асылбек кызы, Ош шаарынын тургуну, студент:

- Ошко караган эле Алмалык деген жер бар. Ал жерде да ошол эле ичүүчү суу көйгөйү бар. Бир кездери Алмалык көмүр шахтасы иштеп турганда суудан маселе болгон эмес дешет. Эми болсо адамдар сууну сатып ичишет, кээде жаандын, кардын суусун пайдаланышат. Ичүүчү суу чыгарууга көп акча кетет дешет. Ошол себептүү алар сууга зар болуп жатса керек.

Амантур Исаев, Ош шаарынын тургуну, жеке ишкер:

- Таза суу кадырын чөлдө жашагандар жакшы билет. Бирок, Кыргызстанда деле ичүүчү суу чыкпаган айылдар толтура. Анткен менен, табиятыбыз таза болгондуктан, дарыялардын суусун ичип деле жашап жатабыз. Таза сууну булгабай, коромжу кылбай пайдалануубуз керек.

Баянгүл Аманова, Бишкек шаарынын тургуну, соодагер:

- Суу – бул жөн эле агып жатканы менен, ал - акча. Таза суусуз аймактар үчүн  мамлекет көмөктөшүп, чыгарып берүүсү керек. Эл да таза суу үчүн канча-бир сумманы топтоп бериши шарт. Эгер таза суу жок, элде эпидемия, оору тараса, суу чыгаргандан да көп акча сарпталат.

Гүлзат Газиева, Ош шаары

Материал «Кабар Ордо» долбоорунун алкагында даярдалды