Америка футболу: Бишкектик «Барстар» алматылык «Титандарды» утту

Америка футболу боюнча 21-мартта өткөн Bishkek Bowl 2014 мелдешинде Кыргызстандын «Барстар» командасы казакстандык «Титандарды» 18:12 эсебинде жеңип алды.DSC0288Бишкектик «Барстар» менен алматылык «Титандар» Борбордук Азияда жыл сайын америка футболу боюнча өз ара мелдеш өткөрүп келген жалгыз командалар.DSC0295Бул командалардын ортосундагы кезектеги Bishkek Bowl 2014 мелдеши 21-мартта 18:12 эсебинде кыргызстандык «Барстардын» жеңиши менен аяктады.DSC0337Оюндун алгачкы бөлүгү эки команда үчүн тең абдан оор болду. Бишкектиктердин топту жакшы илип алып жаткандыктары менен «Барстар» дагы, «Титандар» дагы оюн эсебин ача алышкан жок.DSC0319Беттештин экинси бөлүгү «Барстардын» активдүү чабуулу менен башталды — квотербэк Дастан Акматов топту кабыл алуучу Кайрат Турекановго чыгарып берди, ал өз кезегинде оюндагы алгачкы тачдаунду аткарып оюн эсебин ачты. Эсеп бишкектиктердин пайдасына 6:0 болду.998970_611599425600848_135711270_nКиргизилген топтон кийин бишкектиктер жигердүү чабуул жасоого өтүштү. Алар казакстандыктарды өз айып аянтчасына кысуу менен биринчи чабуулунда эле топ киргизип эсепти 12:0гө жеткиришти.1558463_611592635601527_1516801405_nЭкинчи бөлүк «Барстардын» дагы бир киргизген тобу менен аякташы мүмкүн болчу, бирок оюн талаасында талап кылынгандай 11 эмес, 12 оюнчу болгондуктан калыс ал топту эсептебей койду.1972514_611595965601194_1895234681_nКыска тыныгуудан кийин «Барстардын» күжүрмөн күүсүнө карабастан бишкектиктер беттештин экинчи жарымынын башында атаандашына топ киргизе алышкан жок.1511332_611592638934860_2041323583_n (1)«Титандар» демилгени өз колдоруна алып, эки тачдаун аткаруу менен  эсепти 12:12ге жеткиришти — биринчи тачдаунду «Барстардын» чабуулундагы жоготууга дуушар болгон топту илип алуу менен, ал эми экинчисин алматылык квотэрбэктин чыгарып берүүсү аркылуу ишке ашырышты.1509096_611591942268263_761334546_nОюндун акыркы бөлүгү эки команда үчүн тең оор болду — эки курама тең алдыга чыгып, беттешти өз пайдаларына жыйынтыктоого аракет кылышты.10153841_611599688934155_930134309_nАнткен менен командалардын аракеттери оюндун сапатына таасирин тийгизип, «Барстар» дагы, «Титандар» дагы топту көп алдырып жиберип жатышты.

Бишкектиктер узун чыгарып берүүлөрүнүн эсебинен алматылыктардын айып аянтчасына бир нече жолу кирип баруулары менен оюн эсебин өздөрү тарапка ыктай алышты.970586_611599182267539_863770921_nБеттештеги чечүүчү тачдаундун автору «Барстардын» раннинбэки Вячеслав Рыбалкин болду.DSC0395Оюн 18:12 эсебинде бишкектиктердин пайдасына аяктады.DSC0411Автор: Илона Пфеффер

Сүрөттөрдүн жарымы Борбордук Азиядагы Америка футболунун Facebookдагы баракчасынан алынды.