Баткен: Жергиликтүү тургундардын нааразычылыгынан улам алтын казуучу компания ишмердүүлүгүн токтотту

Айлана-чөйрөнүн булганышынан чочулап жаткан жергиликтүү тургундардын нааразычылыгынан улам австралиялык Z-Explorer компаниясы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Шамбесай алтын кенин иштетүүсүн токтотту.

Компаниянын иши ишкананын ишмердүүлүгүнө нааразы болгон жергиликтүү тургундардын нааразычылыктарынан улам 19-мартта токтотулган.

«Учурда Шамбесайда эч кандай иш жүргүзүлбөй эле», — деп билдирди Кадамжай районунун акиминин орун басары Жаныбек Исаков Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, жергиликтүү жашоочулар австралиялык Z-Explorer компаниясына каршы үч жылдан бери нааразычылык акцияларына чыгып келишет — алар алтын казуу иштери экологияга зыянын тийгизиши мүмкүн деп кооптонуп жатышат.

Исаков Z-Explorer ишмердүүлүгүн канча убакытка токтоткондугун билбейт.

Компания кенди иштетүүсүн таптакыр токтотпойт — бул тууралуу Z-Explorerдин өкүлү Жылдыз Акматова 24.kg маалымат агенттигине берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, кендеги казуу иштерин баштоо жергиликтүү тургундар менен «иштиктүү сүйлөшүүлөр болгонго чейин» жылдырылган.

«Мындай чечим жергиликтүү коомчулуктан турган топтор тарабынан Майдан айыл аймагындагы абалды бир нече жолу туруксуздаштыруу аракеттерине байланыштуу кооптонуулардан улам кабыл алынды», — деди Акматова.

«Учурда келечектеги тоо-металлургиялык комплексин долборлоо улантылып, жергиликтүү жашоочулардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат», — деп кошумчалады компания өкүлү.

Австралиялык компаниянын ишмердүүлүгү бир нече жолу жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жараткан.

Андай нааразычылыктардын бири өткөн жылдын октябрында компаниянын кеңсесине кол салуу, жабдуулар менен документтерди жок кылып, атайын техникаларын талкалоо менен аяктаган.

Автор:  Алексей Ким