Бектур Искендер: Кыргызстандын көз карандысыздыгы тууралуу

Kloop.kgнин башкы редактору Бектур Искендер кээде өзүнүн жеке пикирин жарыялагысы келет.

Бул пикир Kloop.kgнин көз карашы менен төп келбеши мүмкүн.

Бектур Искендер
Бектур Искендер

Мени эки нерсе тынчсыздандырат. Биринчиси - бул Орусиянын орус тилдүүлөргө паспорт берүүнү бир топ жеңилдетиши жана муну Бишкекте атайын басма сөз жыйынында жарыялашы. Эмне үчүн Крым менен болгон окуядан соң, ушул тапта? Эмне үчүн Орусияга башка өлкөдө жашаган мынчалык көп "мекендештер" керек?

А бирок экинчиси мени андан да көбүрөөк тынчсыздандырды - "Вечерний Бишкекте" бул туурасында чыккан жаңылыкка жазылган пикирлер. Мына адамдар (же боттор) кандай маанайда пикир жазгандыгына айдан ачык жана көрсөтмөлүү мисал:

"Баарыбыз бирге орус жарандыгын алалы, Орусияга кошулуп алып, Кыргызстанда жашай беребиз. Орусия менен Кыргызстан - бир тууган болгон, жана кылымдар бою бир тууган бойдон кала берет!!!"

Же болбосо дагы бир мисал:

"[...] Менин ата-энем Кыргызстан РСФСРдин курамында автоном өлкө катары кирип турган кезде төрөлгөн. Алар мага, "балам, орус тилин үйрөн, жашоодо ал сага жардам берет" деп дайым айтышчу. Ошондой эле болду. Жашоодо эмнелерге жетишсем - анын баары орус тилинин аркасынан болду. Мен жана менин эки улуу балам СССРде төрөлгөн. Кайра СССРге баргыбыз келет. СССРдин гимни кайда ырдаса, ошол тарапка.[...]»

Кыргызстанга Татарстандан же Чеченстандан мисал алууну сунуштагандар бар:

"[...] Кыргызстанда эле калып, Орусиянын курамына кириш керек. Татарстанда жана Чеченстанда болгондой эле тилди, маданиятты жоготпой туруп, кайрадан республиканын кайра жаралуусун башташ керек."

Белгилүү болгондой, пикир жазгандар Кыргызстанды мындай маанайда сүрөттөөдө:

"[...] Мурдагы мекенде жалаң эле мырктар калды, ал эми азыр улут туурасында эмес, бардык нерседен корккон жана эч нерсе каалабагандар туурасында."

Мындай пикирлерди ким жазганы —адамдарбы же ботторбу— маанилүү эмес

Эгер бул адамдар чын эле ошентип эсептешсе, анда көптөгөн кыргызстандыктардын башка өлкөнүн курамына киргиси келгендиги өкүнүчтүү. Эгер бул боттордун кол салуусу болгон болсо, анда бул андан да жаман, анткени бул аларды кимдир бирөө жалдап алган дегенди билдирет. Анда менин өлкөмдү Орусиянын курамына киргизүү боюнча чыныгы иш аракеттерден сактануу керек.

Мен Кыргызстандын көз карандысыздыгын жоготуусу тууралуу, бул пикирлерди окугандан кийин болгондой эч качан мынчалык тынчсызданган эмес элем.

Мен өзүмдүн өлкөмдүн эркиндигин аябай баалайм. Өзүм үчүн биздин көз карандысыздыгыбыздын албан артыкчылыктарын көрүп жатам. Тилекке каршы, көпчүлүк мекендештер көз карандысыздыгыбыздан пайдаланууну каалабай жатат, же болбосо пайдаланбай жатат.

Бирок өзүмдүн кандай артыкчылыктарды көрүп жаткандыгымды жазаардан мурда, урматтуу окурмандар, силерге сурамжылоо жүргүзгүм келет.

Өлкөнүн ар бир жашоочусунун жынысына, улутуна, динине же болбосо саясий көз карашына карабай алардын турмушунда Кыргызстандын көз карандысыздыгынын кандай артыкчылыктары бар?

Сураныч, колуңуздан келишинче аргументтүү жооп бериңиз. Ал эми мен силердин берген жообуңардын негизинде өзүнчө башка макала даярдайм.

Бул материалдын ылдый жагында пикир билдирүү формасы аркылуу жооп берсеңиз болот.

Автор: Бектур Искендер