Ош: Автогараждар турган тилке талашта

Ак-Буура боюнда жайгашкан 500дөй автогараж ээлери бул жайга көп кабаттуу үй курулушуна каршы. Алар жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз өткөнүн жана көп кабаттуу үй куруу курулуш талаптарына туура келбей турганын жүйөө келтиришет. Талаштуу маселени азыр сот териштирип жатат. Адистер түшүп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүн автогараж кылуу менен маселени жеӊилдетсе болорун сунуштайт.

Гараж сиздики, жер биздики

Оштогу Исанов көчөсүнүн тургундары көп жылдан бери пайдаланып келген автогараждардын ордун бошотуп бербейбиз деп жергиликтүү бийликке,  өлкө башчы жана өкмөткө арыз менен кайрылышты. Алар жер тилкесинин жеке менчикке кантип өтүп кеткенин билгилери келет.

Отуз жылдай жеке кооперативдик гаражды пайдаланган Саадабай Шабданов бул автогараждарды курууга көп каражат жумшалганын айтат.

“1985-жылы жерди сатып алганбыз. Бул жер мурда чуңкур болчу. Толтуруп, тегиздеп, фундамент куюп, кыш менен гараждарды курганбыз. Дарактарды эккенбиз. Ошол кезде айтып койсо, көп каражат коротмок эмеспиз”,- дейт 74 жаштагы Саадабай Шабданов.

Гараж пайдалануучулар белгилегендей, 1982-86-жылдары Ош шаардык аткаруу комитетинин шаардык курулуш жана архитектура бөлүмүнөн  Ак-Буура дарыясынын жээгине гараждарды курууга руксат актыларды чиймелери менен алып, гараж ээлери өз каражатына курушкан. Айдоочулар кошууну түзүлүп, мүчө болуп кирип, мүчөлүк акы төлөп турушкан. Бирок, гараждарды кайтарууга алуу, айланасын жакшыртуу кийинчерээк жүрбүзүлбөй калган.

“2008-жылы бир катар гараж ээлерине орунду бошотуп коюу тууралуу эскертүү берилди. Гараждар администратору Анарбай Жумагуловго кайрылганыбызда: “Мамкаттоодон мамлекеттик актыбыз бар, гараждар эртеби-кечпи баары бир бузулат. Билгениңерди кылгыла”,- деп жолго салды. Жер салыгын төлөсөк, жалпы эле төлөмдөрдүн эсебинен бухгалтерия жүргүзүлүп, директор, кароолчуга акы төлөнүп келсе, кооптератив мүчөлөрү менен жалпы чогулуш өткөрбөй, добушка койбой, эмнеге  жеке бир адамдын пайдасына чечилет”,- деп гараж пайдалануучулар нааразылыгын жазып, жергиликтүү бийликке, президент жана өкмөткө кат жөнөттү.

2008-жылы эле алар гараждардын орду жеке менчикке өткөнү мыйзамдуубу деп каржы полициясына кайрылып, текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик актысы жок экени аныкталган.

Анткен менен, өткөн жылдын декабрында бул жеке кооперативдик гараждар турган жер тилке жеке ишке Мамасали Козуевге сатылып кеткени айтылат. Сатуу-алуу фактысын аныктоо үчүн жеке ишкер М.Козуевден маалымат алууга мүмкүн болбоду.

Ал эми автосүйүүчүлөр коомунун мурдагы жетекчиси Анарбай Жумагулов 2007-жылы райондор аралык соттун чечими менен гараждар турган тилке Автосүйүүчүлөр кошуунунун карамагына коомдук-жеке (общественно-частный) менчик болуп өткөнүн, азыркы тагдырын толук билбей турганын айтты.

«Көпчүлүк гараж ээлери жер жана башка салыктарды төлөбөй келген. Кийин чогулуштарга да катышпай калышкан.  Мен өткөн жылдын июль айында жумуштан кеткем. Андан кийин Акылбек Амиракулов деген киши автосүйүүчүлөр кошуунун жетектеп баштаган. Гараждар турган жер тилкеси азыр сатылган-койгонун так билбейм»,- деди  Анарбай Жумагулов.

Гараж ээлери кооператив башчысы мүчөлөрүнүн макулдугусуз жерди жеке менчикке сатып ийгенине нааразы.

“Бизде гараж үчүн ордерлерибиз, взностук квитанцияларыбыз бар. Эмне үчүн кооператив мүчөлөрүнүн макулдугу жок жер участкасы сатылып кеткен? Мамкаттоо жана Ош шаардык курулуш жана архитектура башкармасынын чечимдери негиздүүбү, ушуну билгибиз келет”, - дейт гараж пайдалануучу Зурпукар Белеков.

 Баатырбек Сагынбаев.
Баатырбек Сагынбаев.

Учурда гараж ээлери 5 кишиден турган демилгечи топ түзүп, кирип-чыгуучу жайга дарбаза орнотуп, кароолчу коюшкан. Эми атайын расчеттук эсеп ачканы жатышканын айтат демилгечи топ башчысы Баатырбек Сагынбаев.

“Кадимки эле рейдерлик басып алуудай болуп,  гараждарыбыздын ордун алып коймок болушту. Биз банктан расчеттук эсеп ачып, бул жерди көрктөндүрүп, мында балдар ойноочу аянтча да кылмак болуп жатабыз. Себеби, бул жерлерге ордерлерибиз бар. Мыйзамдуу деп жатабыз”,- дейт демилгечи топтун башчысы Баатырбек Сагынбаев.

Гараж ээлери чогулуп, сотко арыз менен кайрылышкан. Учурда талаштуу маселени шаардык сот териштирип жатат.

Гараж ордуна көп кабаттуу үй

Анткен менен, гараждар жайгашкан тилкеге көп кабаттуу үй курулары айтылууда.   Автогараждар Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкандыктан, бул айланага көп кабаттуу үй курууга болбостугун белгилейт гараж ээси Жеңиш Үсөнбаев.

“Бул жерди сатып алгандар көп кабаттуу үй курмак болуптур. Бул жерге курууга мүмкүн эмес, курулуш талаптарына туура келбейт. Дарыядан 50 метр аралык алыста курулушу керек. Бул каналдын нугун башка жакка бурмак да болуп жатышат экен.  Анда Кара-Суунун Партсъезд айылдарына чейин сугат суусуз калат”,- дейт Ж.Үсөнбаев.

Бул жайга көп кабаттуу үй курулушун мыйзамсыз деп эсептейт автогараж ээлери
Бул жайдын жеке менчикке берилгенин мыйзамсыз деп эсептейт автогараж ээлери

Айырбаштап маселе чечилсе…

Маселени ырбатпай, гараж ээлери жерди жеке менчикке сатып алган тарап менен ымалага келүүгө болорун да айтат.

“Биз бул гараждар үчүн көп каражат жумшадык. 1 бөлмөлүү үйдүн акчасы кеткен. Эгер жер ээси үй курса, гараж ээлерине 1 бөлмөлүү батир берсе, биз гаражга алмаштырууга макулбуз”,- дейт Саадабай Шабданов.

автогараж1

Адистер эмне дейт?

Ош шаардык автогараждар башкармасынын жетектөөчү адиси  Азизбек Жолдошалиев шаардагы автогараждар маселесин кантип чечүү жолдорун kloop.kg _ге айтып берди.

kloop.kg:  - Автогараждар турган айрым тилкелер жеке менчикке сатылып, талаш-тартыштар жаралууда. Мисалы, Исанов көчөсүндөгү кооперативдик гараж ээлеринин нааразылыгы. Ош шаардык автогараждар башкармалыгы буга эмне дейт?

Азизбек Жолдошалиев: -  Бул 330 автогараж турган жер тилке республикалык Жоопкерчилиги чектелген коомдун менчигинде (ЖЧК). Биз каттоого алалы дегенибизде, кызыл китебин, документтерин көрсөтүп, менчик ээлигин тастыкташкан. Биз каттоого алган эмеспиз.

Ош шаарынын балансында 5 миӊ 500 жеке менчик (темир) жана 850 стационардык (бетон, кыштан курулган) гараждар бар. Шаар боюнча каттоо жүрүп жатат. Ээлерин тактап, мыйзамдуулугун текшерип жатабыз. 

Бирок, жеке менчик автогараждар турган тилкелер жеке менчикке салытып, ордуна курулуштар түшүп жатат. Бул болсо баягы эле талаш маселени жаратууда.

kloop.kg:  - Ош шаарында автогараждар маселесин кантип чечсе болот? Кантип чечип жатасыздар?

Азизбек Жолдошалиев: - Оштогу  Черемушки, Манас-Ата кичи райондорундагы стационардык гараждар СССР маалында курулган эле.   Эми көп кабаттуу үйлөрдүн подвалдарын автогараж кылуу менен көйгөйдү чечсе болот. Акыркы курулуп жаткан үйлөрдө ушул ыкма айрымдарында колдонулуп жатат. Анткен менен, маселе көп жылдардан бери чечилбей келет. Салынып жаткан үйлөрдө баарында автогараж  да каралышы керек. Бирок, аткарылбай жатат. Мунун баары акча каражатына байланыштуу.

 Эл пикири

Болот Ташмаматов, гараж ээси:

- Муну мыйзам чегинде чечүү керек. Эгер кооператив жоюла турган болсо, элди чогултуп, келечек пландарын айтып, мындан аркы планыңар кандай деп чечүү керек. Эгер сот аркылуу чечилсе, Жогорку Сотко чейин жүрөт. Курулуш компаниясы эл менен сүйлөшүп, тынч сатып алып, анан иш кылса болот.

Айжамал Маткасымова, Ош шаарынын тургуну, гараж ээси:

- Ошто автогараждар маселеси абдан курч. Мунун баары шаардын башкы планына барып такалат. Бир да шаардык тургун кай жерде автопарковка, автогараж бар, болушу керек экенин билбейт. Себеби, башплан белгилүү эмес. Ошол башпланда автогараждар каралганына күмөнүм бар. Эгер каралган болсо, эмне үчүн маселелер көп, көп жылдан бери автогараж боюнча талаштар бүтпөй келатат?

Абдыкаар Маташов, Бишкек шаарынын тургуну:

- Өнүккөн өлкөлөрдө автогараждар жакшы уюштурулган. Ар бир курулуш түшүп жатканда гаражы да эске алынат. Көбүнчө эле көп кабаттуу үйлөрдүн 1-кабаты, айрымдарында 3-4-кабаттарына чейин автотоктотуучу жай катары курулат. Бул пайдалануучулар үчүн ыңгайлуулук. Шаарлардын инфраструктурасын жакшыртуунун да амалы. Бизде да ошондой болсо экен деп тилек кылабыз.

Жумагүл  Асанова, Ош облусунун тургуну:

- Мен гараж ээлерине да айта турган сөзүм бар. Алар гараждын гана ээси. Ал эми жер муниципалдык менчик. Бирок, ошол муниципалдык жерди максаттуу пайдаланбай жаткандан чыр чыгып жатпайбы. Шаардыктар үчүн ыңгайлуу автогараждарды уюштуруп берүү керек. Гараждын ордун жеке менчикке  сатып ийип, көп кабаттуу үй курса, ошол үйдүн жашоочуларына да гараж керек болот эмеспи? Мындан маселе кайра оорлошот.

Гүлзат Газиева, Ош шаары

Сүрөттөр автордуку

Макала “Кабар Ордо” долбоорунун алкагында даярдалды