Видео: "Азия Микс" КВНдин Жогорку лигасынын чейрек финалына өттү

Кыргызстандын "Азия Микс" командасы өз тарыхында экинчи жолу КВНдин Жогорку лигасынын чейрек финалына өтүп, мыкты үчилтикке кирди.

Өзүнүн оюнунда биринчи орунду "Азия Микс" Дагестандын курамасы жана "Кембридж" командалары менен бөлүштү.

Бардык үч топ тең бирдей 12.9 баллдан чогултушту, эми алар КВНдин Жогорку лигасынын кийинки баскычында ат салышат.

«Азия Микс» — Кыргызстан эгемендик алгандан бери алгачкылардан болуп КВНдин Жогорку лигасында оюн көрсөткөн топ. Ошентип алар өткөн жылкы ийгилигин кайра кайталай алды.

«Клуб веселых и находчивых (Шайыр жана тапкычтар клубу)» — СССРде 1961-жылы пайда болгон белгилүү күлкү-шакаба оюну.

1964-жылдан бери оюндун алып баруучусу Александр Масляков - ал азыр Жогорку лиганын оюндарын гана алып барууда.

1974-жылдын аягында СССРге карата шылдыңы үчүн КВН жабылып, кайра куруу убагында оюн кайра жандана баштаган. 1986-жылдан күнүбүзгө чейин пост-советтик мамлекеттерде белгилүү телешоулордун бири катары белгилүү.