Маек: Кантип көз бойоочу болуп калдым [+видео]

17 жаштагы сыйкырчы Дмитрий Ким Kloop.kgге берген маегинде, кантип фокус көрсөтө баштаганы жана анын арты менен акча таба баштаганы туурасында айтып берди.

Мария Гребнева, Kloop.kg: Көз бойоочулук менен кантип алектенип баштадыңыз?

Дмитрий Ким: Көз бойоочулук ыкмаларын болжол менен эки жыл мурун аткара баштагам. Ал чөйрөгө кадам таштоомо эки окуя өтө чоң таасирин тийгизди.

Биринчиси мен инернет-клубда отуруп кайсыл бир көз бойоочунун ширеңкени колуна алып, ошол замат жок кылып койгондугун көргөндө пайда болгон. Ал жөн гана бир колундагы ширеңкени жок кылып экинчисинде пайда кылып койгон. Мен таң калып, анын кантип аткарып койгонун түшүнбөй башым маң болду.

Анан мен ал ыкмаларга үйрөтө турчу маалыматтарды, видеолорду издеп баштап, бирок тилекке каршы тапканым жок. Андан соң башка ыкмаларды издей баштадым. Бирөөсүн таптым, экинчисин анан үчүнчүсүн... Ошентип бир канча убакыт өткөндөн кийин мен өзүмдүн досторума көз бойоочулук ыкмаларымды көрсөтө баштадым.

М.Г.: Алгач кандай көз бойоочулук ыкмаларды аткарып баштадыңыз эле?

Д.К.: Албетте, алгач бардык көз бойоочулардай эле эң жөнөкөйлөрүнөн баштагам. Алар резинкалар. Эгер үйдө резинка бар болсо аны алып сыйкырлап баштайсыз. Анан ал бир колуңуздан экинчисине, бир манжаңыздан башкасына секирип  баштайт. Бул ар бир көз бойоочуда болуучу мүлк-шайман десек болот.

М.Г.: Сизди эмне шыктандырат?

Д.К.: Мени башка көз бойоочулар шыктандырышат. Качан сен бир ыкманы башка бир көз бойоочунун аткаруусунда көрсөң аны өз табитиңе, өз жанрыңа ылайыкташтырып көрүүчүлөрүңө тартууласаң болот. Алсак, сен сыйкырдуу таякча менен шамдын пайда болушу көрсөтүлгөн көз бойоочулукту көрдүң дейли. Аны ар бир көз бойоочу ар башкача кылып көрсөтөт. Кимдир бирөө аны жүзаарчынын жардамы менен аткарса, башкасы аны жөн гана жок кылып коет. Бирөөсү аны рок-музыканын коштоосунда аткарса экинчиси  классикалык музыка менен аткарышы мүмкүн. Баары сенин стилиңе жараша болот.

1911171_524308677688092_608199248_o М.Г.: Кайсыл жерде жана кантип үйрөндүңүз?

Д.К.: Мен көбүнчө китептерден, интернеттен үйрөндүм, ошондой эле жаман эмес көз бойоочу устатым бар, ошол үйрөттү. Мени колдоп, жаңы кеңештери менен менин өсүшүмө көмөктөшүп жаткандыгы үчүн мен ага ыраазымын. Анын аты-жөнү Адил Каипов, ал өтө кыйын иллюзионист. Ал Бишкекте, Алматыда, ошондой эле дагы бир нече чет өлкөлөргө барып иштейт.

Көз бойоочулукта, жалпы эле кайсы гана тармак болбосун эң башкысы — бул билим. Эгер сен ал тууралуу билсең аны аткара аласың. Эгер кандай кылуу керектигин билсең машыгып үйрөнүп, өзүңдү идеалга жеткирсең болот. Мындан улам маалыматты кайсыл жактан — китептерденби, интернеттенби же башка адамдар аркылуу аласыңбы деген суроо келип чыгат.

Мен белгилүү бир маалыматтарга ээ болуу үчүн жогорудагы үч ресурсту тең пайдаландым. Эң жөнөкөй ыкмаларды өз алдынча кылса болот, чет өлкөгө буйрутма жөнөтүп же жөн гана сатып алып тапсаң болот.

Бардыгы ирээти менен башталат. Биринчи кадам өтө оңой — ал көз бойоочулук менен алектенип баштоо. Кайсыл гана жерде жана кандай гана шартта болбосун тыйындар, резина же карталар менен аракет кылып баштоого болот.

Карталар анча камбат эмес жана көп  жерлерде сатылат. Ошондуктан көз бойоочулук менен алектенип баштоом кыйынга турган жок. Андан кийин албетте ата-энем жардам берди, айтсак, туулган күнүмө 500 сом белекке беришти. Бул акча кийинки баскычка кадам таштап, ага олуттуураак мамиле жасап баштооңо жетиштүү болот.

Бул ишиңе дем берип, өзүңдү ал ишке арнап, акчаңды көбүрөөк жумшай баштайсың. Качан сен көз бойоочулукка берилгениңде анын ыкмалары сага бериле башташат.1529697_497370527048574_101931727_oМ.Г.: Бул өнөрүңүз менен кантип акча таба баштадыңыз эле?

Д.К.: Мени балдарга майрамдарды уюштуруу менен алектенген бир компания өз убагында колдоого алып, жолум болду десем болот. Анткен менен эң башкысы балдар өтө татаал аудитория болушат, алар чоңдор дайыма эле көрө бербеген нерселерди оңой эле көрүп коюуулары мүмкүн. Аларды таң калтыруу да жеңилге турбайт, анткени балдар өздөрү керемет нерселерге ишенишет жана көпчүлүк учурларда чынында кайсынысынын реалдуулук ал эми кайсынысынын керемет экендигин түшүнө беришпейт.

М.Г.: Жогорку билим алуу оюңузда барбы?

Д.К.: Мен бизнес, маркетинг тармагындагы адистикке баргым келет. Мен үчүн кызык, анткени [фокустар дагы] бизнес менен байланыштуу. Маркетинг болсо — бул кардар менен байланыш түзө турган көпүрөө. Сен көз бойоочулук ыкмаларды көрсөтүп жатканда да миңдеген түрдүү адамдар менен карым-катнашта болуп, байланыш түзүшүң керек. Алар балдар дагы, улуу адамдар дагы болуулары мүмкүн.

 

544261_364162193702742_1468592660_nМ.Г.: Келечектеги пландарыңыз кандай?

Д.К.: Чынында мен жаңы гана жогорку окуу жайына тапшырганы жатам. Мен болгону 17демин. Баары алдыда деп ойлойм. Өзүмдүн 17де гана экендигиме кубанычтамын, менин жашоом жаңы гана ачылып баштады да. Жолдор, мүмкүнчүлүктөр өтө көп жана мен алардын бардыгы менен пайдаланып, жок дегенде бирөөсүнүн аягына чейин жетем деген үмүттөмүн.

Автор: Мария Гребнева