Премьер Сатыбалдиев ыйгарым укуктарын өткөрүп берди

Бүгүн, 25-мартта премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жантөрө Сатыбалдиев ыйгарым укуктарын биринчи вице-премьерге өткөрүп берди. Буга парламенттеги көпчүлүк коалициясынын таркашы себеп болду.

Сатыбалдиев  отставкага кеткендиги тууралуу билдирди — анын премьерликтен кетишине парламенттик «Ата Мекен» фракциясынын көпчүлүк коалициясынын курамынан чыгып, андан улам башкаруучу альянс менен өкмөттүн таркашы себеп болду.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу президент Алмазбек Атамбаевдин атына кызматтан кетүү тууралуу арызын жазып, өз ыйгарым укуктарын биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаевге өткөрүп берди.

«Бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын биринчи премьер-министр Жоомарт Оторбаевге өткөрүп берди», — деп билдирди өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов.

Президенттин басма сөз кызматынан азырынча Атамбаев Сатыбалдиевдин кызматтан кетүү тууралуу жазган арызына кол кое электигин Kloop.kgге билдиришти.

Өкмөт жаңы парламенттик көпчүлүк коалициясы менен жаңы министрлер кабинети түзүлгөнгө чейин убактылуу өз милдетин аткарат. Жаңы өкмөттүн курамы 11-апрелге чейин бекитилиши керек.

Фракциялардын жаңы альянсын түзүү укугу президенттик социал-демократтар фракциясына берилген.

Сатыбалдиевдин отставкага кетиши анын жүргүзгөн саясатына нааразы болгон парламентарийлердин сын-пикирлеринин күчөшүнүн фонунда ишке ашты.

Премьер-министрди Кыргызстан менен канадалык «Центерра Голд» компаниясына таандык «Кумтөр» алтын өндүрүү компаниясына ээлик кылуу боюнча «пайдасыз» макулдашууга барган деп айыптап жатышат.

Ошондой эле Сатыбалдиевдин 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуудан кийин түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциядагы ишмердүүлүгүн сынга алып жатышат — депутаттык комиссия билдиргендей, дирекцияны Сатыбалдиев башкарып турганда анда 570 млн. сом «максатсыз пайдаланылган».

«Атамекенчилер» Сатыбалдиевди кызматтан кетирүүнү февралда, парламентте добуш берүү жолу менен демилгелөөгө аракет кылышкан, бирок ал ойлору ишке ашпай калган соң фракция өкмөттү коалиция курамынан чыгуу менен таратууга жетишти.

Автор: Айзирек Алмазбекова