Видео: Жашы жете электерге алкоголдук ичимдикти кантип сатышат

Kloop.kgнин редакциясы Бишкектеги дүкөндөр жашы жете электерге алкоголдук ичимдиктерди сатып сатпашын билиш үчүн тажрыйба жүргүздү.

18ге чыга элек журналист төрт дүкөндүн үчөөсүнөн эч кандай тоскоолдуктарсыз эле арак сатып ала алды. Спирт ичимдигин сатууга «Народный» дүкөндөр тармагынын супермаркетинде гана документин көрсөтүүнү талап кылып сатуудан баш тартышты.

Жашы жете элек өспүрүмдөргө спирт ичимдиктерин сатууга «Этил спиртин, алкоголдук жана курамында спирт бар продукцияларды мамлекеттик көзөмөлдөө жөнүндөгү» мыйзам жана Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекстин 92-беренеси менен тыюу салынган.

Бул нормалардын бузулушу 10 миң сомдон 70 миң сомго чейинки айып менен жазаланат.

Видеонун автору: Владимир Цай