Видео: Зомбулук, басмырлоо жана жек көрүүчүлүккө каршы жүрүш

Кыргызстандагы зомбулук, басмырлоо жана жек көрүүчүлүк көйгөйлөрүнө көңүл бурдуруу максатында СООБЩА деген аталыштагы кыймылдын активисттери жөө жүрүш жасашты.

Акция катышуучулары Жибек-Жолу проспектиси менен Эркиндик гүлбагынын кесилишинен баштап парламент имаратына чейин жөө жүрүш жасашты. Алар колдоруна зомбулук менен басмырлоону токтотуу чакырыктары жазылган плакаттарды кармап алышкан.

«БУУ-айымдар» уюмунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Үмүтай Даулетова билдиргендей, бул жүрүштүн максаты  — аялдар менен кыздарга карата жасалып жаткан зомбулук көрсөтүү көйгөйүнө бийликтин көңүлүн буруу болуп саналат.

«Биз жөн гана зомбулук көрсөтүү иштери аягына чейин жеткирилип, зомбулук көрсөткөн адамдар татыктуу жазага тартылышсын деген гана өтүнүч менен кайрылып жатабыз», — деди ал.

Автор:  Хлоя Гейне