Бишкек: Жарым-жартылай бузулган көпүрө дагы деле оңдолбой эле

Бишкектин түндүк бөлүгүндөгү Чоң Чүй каналы (БЧК) аркылуу өткөн көпүрөөлөрдүн биринин тешилип калгандыгына эки аптанын жүзү болду. Шаар бийлиги аны калыбына келтирүү боюнча жаңы гана долбоор иштеп чыккандыктарын билдиришүүдө.

Учурда көпүрөнүн тешилип калган бөлүгү бетон тосмолор менен курчалып, жолдун бир тарапка кетчү тилкесин тосуп турат.

Бишкектин түндүк бөлүгүндөгү Ленский көчөсүнүн көпүрөсү аркылуу оор жүк ташуучу унаа өткөндөн кийин анын бир бөлүгү тешилип калган — ал тууралуу видео интернетте 7-мартта пайда болгон.

«Учурда ал жакта унаалардын өтүшү үчүн бир гана тилке бар, ошондуктан айдоочулар бири-бирине жол бошотуп берүүгө аргасыз болушууда. Көпүрө аркылуу оор жүк ташуучу унаалардын дагы деле өтүп жаткандыгын белгилей кетиш керек», — деп билдирет көпүрөнүн абалы менен таанышып келген кабарчыбыз.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын өкүлү Актан Сапиянов популярдуу «Дизель» интернет-форумуна Ленский көчөсүндөгү көпүрөнү калыбына келтирүү иштери болжол менен июнда баштала тургандыгын жазган.

«Көпүрөнү калыбына келтирүү иштеринин алкагында анын жолдору, капталдагы тосмолору, тарткычтары, суу өткөрбөй турган материалдары жаңыланып оңдолот. Жолдун эки капталына жөө адамдар үчүн кошумча тротуарлар курулат», — деп билдирген «дизелчилерге» басма сөз кызматынын өкүлү.

Ленский көчөсүндө жашаган жергиликтүү тургундардын бири бул көпүрө аркылуу өткөн кооптуу экенин айтат.

«Бул көпүрө акыркы жолу Советтер Союзу убагында оңдолсо керек. [...] Көпүрө эч кимге кереги жок. Мына бул жер Аламүдүн району, а тигил тарабы шаар [Бишкек]. Ал экөөнүн чегинде жайгашкан. Ошондуктан меники, сеники делинип оңдолбой келет», — деди ал.

Авторлор: Виталий Белошапкин жана Эмилия Шермамат кызы