Кыргызстанда эки диний агым экстремисттик деп табылды

Биринчи май райондук соту Бурятиялык Саид жана Акрамия диний кыймылдарына Кыргызстандын аймагында тыйуу салды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

Аталган диний кыймылдарга маалыматтарды басып чыгаруу, сактоо, ташуу, жайылтуу Кыргызстандын аймагында тыюу салынды. Мындай чечимди 14-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарган.

"Алардын үгүттөп-тараткан материалдары улуттук, расалык жана диний кастыкты козутуучу экстремисттик кыймыл деп табылган",-делет УКМКнын маалыматында.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын билдиришинче, учурда өлкөдө он үч диний уюмдун ишмердүүлүгүнө тыйуу салынган.