Парламенттеги фракциялардын бардыгы тең президенттик социал-демократтар тарабынан түзүлүп жаткан жаңы коалициялык көпчүлүктүн курамына кирүү каалоолорун билдиришти.
КСДП фракциясы коалициялык көпчүлүккө парламенттеги калган төрт партияны — мурунку өнөктөштөрү «Ата Мекен» менен «Ар-Намысты», ошондой эле оппозициялык «Республика» жана «Ата-Журт» фракцияларын чакырды.
Учурда фракциялар социал-демократтардын сунуштарын карап, коалициянын курамына кирүү боюнча чечимдерин кабыл алып жатышат — бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди.
«Азырынча алар өз талаптарын айтышкан жок. Биз шарттар боюнча макулдашып, бардык фракциялардын позицияларын салыштырышыбыз керек», — деди социал-демократтардын лидери.
Жаңы коалициянын курамына кирүү ниети жөнүндө акыркылардан болуп «Ата-Журт» фракциясы билдирди — бул тууралуу 26-мартта «Ата-Журт» фракциясынан депутат Курмантай Абдиев билдирди.
«Азыр биз [фракция мүчөлөрү] чогулуп, макул болуу чечимин кабыл алдык. Фракция ичинде эмне сөз болгондугу тууралуу айта албайбыз. Бир сөз менен айтканда биз альянска кирүүгө макулбуз», — деди Абдиев.
Бирок азырынча фракциялардын бири дагы парламенттик көпчүлүктүн курамына кандай шарттарда кирүүгө даяр экендиктерин билдире элек.
Социал-демократтардын өзүлөрү да азырынча коалициянын курамы боюнча акыркы чечимге келе элек.
«Бир нече вариант бар, алардын каалаганы болуп калышы мүмкүн», — деди Турсунбеков Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде.
Коалициянын таркашы
«Ырыс алды ынтымак» аталышындагы буга чейинки башкаруучу коалиция курамынан Жантөрө Сатыбалдиевдин ишине нааразы болгон «Ата Мекен» фракциясы чыккан соң, 18-март күнү тараган.
Өкмөт башчысын Кыргызстан менен канадалык «Центерра Голд» компаниясына таандык «Кумтөр» алтын өндүрүү компаниясына ээлик кылуу боюнча «пайдасыз» макулдашууга барган деп айыпташкан.
Ошондой эле Сатыбалдиевдин 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуудан кийин түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциядагы ишмердүүлүгүн сынга алышкан — депутаттык комиссия билдиргендей, дирекцияны Сатыбалдиев башкарып турганда анда 570 млн. сом «максатсыз пайдаланылган».
«Атамекенчилер» Сатыбалдиевди кызматтан кетирүүнү февралда эле парламентте добуш берүү жолу менен демилгелөөгө аракет кылышкан, бирок ал ойлору ишке ашпай калган соң фракция өкмөттү коалиция курамынан чыгуу менен таратууга жетишти.
Сатыбалдиев жаңы өкмөттүн түзүлүшүн күтпөстөн эле, 25-мартта ыйгарым укуктарын биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаевге өткөрүп берип, өз арызы менен кызматтан кеткен.
Автор: Толгонай Умуралиева