Өкмөт Тажикстандагы этникалык кыргыздар менен Кыргызстандагы этникалык тажиктердин чек арадагы жерлери менен алмашуу демилгесин колдоду — бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде вице-премьер Токон Мамытов билдирди.
Мамытов учурда чек арага жакын жайгашкан жашоочулардын жер тилкелерин алмаштыруу маселеси каралып жаткандыгын айтты. Анын айтымында, бирок кеп мамлекеттик чек араны өзгөртүү же чоң айылдарды көчүрүү тууралуу болбой эле.
«Алсак, мына Арык-Асты кыштагында биздин 6-7 үй-бүлөбүз Тажикстандын аймагында калып калышкан. [...] Тажик жарандары да биздин аймакта дал ушундай эле абалга туш болушкан. Алардыкы эки үй, он үй. Анан алар бири-бири менен сүйлөшүшүп, жер тилкелери, үйлөрү менен алмашканы жатышат», — деди ал.
Мамытовдун айтымында, жер тилкелерин алмаштыруу демилгеси өкмөт тарабынан эмес, кыргыз-тажик чек арасында жашаган бир катар жашоочулар тарабынан көтөрүлгөн.
«Жарандар делимитация процессин тез аяктап, чек араларды тактоо маселесин өзүлөрү коюп жатышат. Алар өзүлөрү сунушташты. Мына Таш-Тумшук айылында чек ара кимдир бирөөнүн короосу, кимдир бирөөнүн үйү аркылуу өтөт. Буга алардын өзүлөрү кызыкдар», — деп түшүндүрдү вице-премьер.
Ал ошондой эле юридикалык жактан документтерин тактоо иштери кыйла убаралуу болгондуктан көчүрүү процесси бир жылдан ашык убакытка чейин созулушу ыктымалдыгын айтты.
«Бул өтө узакка созулат. Алгачкы көчүрүү 1-2 жылдан кийин гана башталат. Ал үчүн алгач ар бир үйдүн, ар бир сарайдын документин текшерип, тактап чыгуу керек», — деди Мамытов.
Кыргыздар менен тажиктердин жер тилкелерин алмаштыруу демилгеси кыргыз-тажик чек арасында мезгил-мезгили менен чыгып турган жаңжалдардан улам марттын ортосунда пайда болгон.
Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанстандын аймактары Фергана өрөөнүн бириктирип, өлкөлөр ортосунда татаал чек ара системасы түзүлгөн. Ошондой эле өлкөлөрдүн бири-биринин аймактарында анклавдары да жайгашкан.
Өлкөлөр ортосундагы чек аранын кыйла бөлүгүнүн дагы деле тактала электигинен улам жергиликтүү жашоочулар менен чек арачылардын ортосунда мезгил-мезгили менен жаңжалдар чыгып келет.
Автор: Эмилия Шермамат кызы