Видео: Милиция Бишкекте маньяк пайда болгондугу тууралуу айтылып жаткан маалыматтарды четке какты

Милиция борбордо жакында эле киши колдуу болуп каза болгон кыздардын өлүмүнүн бири-бирине тиешеси жоктугун билдирип, шаарда маньяк пайда болгондугу тууралуу айтылган маалыматтарды студенттер тараткан ушак деп атады.

Ички иштер министрлиги март айында Бишкекте  киши колдуу болуп каза тапкан эки кыздын өлүмүнүн бири-бирине тиешеси бардыгы тууралуу айтылган маалыматтарды расмий четке какты.

ИИМдин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов маньяк жөнүндөгү маалыматтарды студенттер «таратып жаткандыктарын» айтты.

Автор: Хлоя Гейне