БУУнун адам укуктары боюнча Кыргызстанга жолдогон сунуштары

БУУнун адам укуктары боюнча комитети өлкөнүн бийлиги менен жарандык коомчулугунун берген отчетунун жыйынтыктары боюнча Кыргызстанга расмий  сунуштарынын тизмесин жөнөттү.

Кыргызстан өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышы боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин алдында үстүбүздөгү жылдын 10-мартында отчёт берген. Ал отчёт өз ичине 2010-жылдагы революция менен андан кийинки өлкө түштүгүндөгү улуттар аралык кагылышуу сыяктуу окуялар орун алган 2008-2013-жылдарды камтыган.

Отчётту кабыл алган БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин мүчөлөрү өз сунуштарынын бир тобун Кыргызстанга арналган ошол жыйында эле айтышкан.

Дээрлик эки аптадан кийин алар Кыргызстанга жолдонгон сунуштарынын расмий тизмесин жарыялашты, алардын эң маанилүүлөрү төмөндө келтирилген.

Сунуштар жазылган докладды толук жүктөп алуу (англис тилинде)

БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин версиясына ылайык, Кыргызстан адам укуктарынын сакталышы боюнча төмөнкү сунуштарга көңүл буруусу керек:

2010-жылдагы улуттар аралык кагылышууну иликтөө

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2010-жылдагы кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы улуттар аралык кагылышууну иликтөө мыйзам бузуулар менен коштолгондугу жөнүндөгү маалыматтарга тынчсызданып жаткандыгын билдирди.

Болжолдонуп жаткан ал мыйзам бузуулардын арасында — камакка алынгандарды кыйноого алуу, соттук процедуралардын бузулушу, улутуна карап басмырлоо жана өзбек азчылыгынын жактоочуларына карата кол салуу болгондогу бийликтегилердин эч кандай чара көрбөгөндүгү сыяктуу учурлар бар.

2010-жылдагы кагылышуудан кийинки Ош. Сүрөт Аскар Акталовдуку.
2010-жылдагы кагылышуудан кийинки Ош. Сүрөт Аскар Акталовдуку.

«2010-жылдагы жаңжал маалында бардык адам укуктары бузулган учурлардын толук кандуу жана адилеттүү иликтениши үчүн Кыргызстан натыйжалуу чараларды көрүшү керек», — деп жазылган комитеттин документинде.

«Террористтерге» карата туура эмес реакция

БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин версиясы боюнча, Кыргызстанда укук коргоо органдары контртеррористтик операцияларында туура эмес күч колдонгон учурлар көп кездешет, өз кезегинде ал шектүү адамдардын сот эле эмес, тергөөгө чейин да жетпей калышына алып келет.

«Антитеррористтик мыйзамдар менен алардын иштеши адамдардын жашоого болгон укуктары менен дал келиши керек», — деп жазылган комитеттин докладында.

Кыйноолорго каршы күрөшүү

Кыргызстанда камакка алынгандарга карата кылмыштарын мойундарына алдыруу максатында кыйноого алуу дагы деле уланууда деп эсептейт Адам укуктары боюнча комитет.

Кыргызстанда камакка алынган адамдын денесиндеги кыйноонун тактары.
Кыргызстанда камакка алынган адамдын денесиндеги кыйноонун тактары.

«Кыргызстан тез аранын ичинде камакка алынгандарга карата жасалып жаткан кыйноолор менен орой мамилелер боюнча чараларды күчөтүп, [укук коргоочу] Азимжан Аскаровдун ишин кошуп  андай учурлардын кылдаттык менен адилеттүү тергелишин камсыз кылышы зарыл», — деп жазылган документте.

Ала качуу менен күрөшүү

БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин пикири боюнча, Кыргызстанда аялдарга карата жасалган зомбулуктарга тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбайт. Кыргызстанда аялдар кабылган көйгөйлөрдүн ичинен комитет ала качуу менен үй-бүлөдөгү зомбулуктарды өзгөчө баса белгилеген.

Кыргызстандагы ала качуу. Документалдуу тасмадагы кадр.
Кыргызстандагы ала качуу. Документалдуу тасмадагы кадр.

«Кыргызстан милицияны аялдарга карата жасалып жаткан зомбулуктардын алдын алууга үйрөтүшү керек», — деп жазылган документте.

Лесбиян, гей, бисексуал жана трансгендүүлөрдүн (ЛГБТ) укуктары

Адам укуктары боюнча комитет мамлекеттик органдардын өкүлдөрү (кеп укук коргоо органдарынын кызматкерлери жөнүндө) , ошондой эле жалпы өлкө жарандары тарабынан гейлер менен лесбияндарга карата зомбулуктардын көрсөтүлүшүнө тынчсыздануусун билдирди.

«ЛГБТ-коомчулугунун өкүлдөрүнө карата жасалган зомбулуктар боюнча кылдат тергөө иштери жүргүзүлүп, күнөөлүүлөр — тиешелүү жазалар менен жазалануулары керек», — деп жазылган комитеттин документинде.

Улуттук азчылык укуктары

БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин мүчөлөрүнүн пикирлеринде, бийликтин көргөн аракеттерине карабастан Кыргызстанда бийликтин бардык бутактарында улуттук азчылык өкүлдөрүнүн саны аз бойдон калууда. Андан сырткары өлкөдө өзбек тилдүү мектептердин кыргыз тилдүү мектептерге которулган, ошондой эле өзбек тилдүү ЖМКлардын жабылып калган учурлары белгиленген.

Өзбектердин топусун кийген (солдо) жана кыргыз калпакчан (оңдо) карылар. Ош, 2011-жыл. Сүрөт Бектур Искендердики.
Өзбектердин топусун кийген (солдо) жана кыргыз калпакчан (оңдо) карылар. Ош, 2011-жыл. Сүрөт Бектур Искендердики.

«Кыргызстан улуттук азчылыктардын өз тилинде билим алуусуна шарт түзүп, алардын тилин ЖМКларда пайдаланууну илгерилетиши керек», — деп жазылган докладда.

Дин тутуу эркиндиги

Адам укуктары боюнча комитеттин версиясы боюнча, Кыргызстанда 2008-жылы кабыл алынган «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү» мыйзамда өлкө кол койгон эл аралык келишимдерге каршы келген чектөөлөр бар.

Ал чектөөлөр диний үгүттөө ишмердүүлүгүнө, диний уюмдарды каттодон өткөрүү жана адабияттарды таратууга тиешелүү.

Бишкектеги синагогдун ичи. Сүрөт Илья Каримджановдуку.
Бишкектеги синагогдун ичи. Сүрөт Илья Каримджановдуку.

«Кыргызстан мыйзамдан бардык [эл аралык келишимдерге каршы келген] чектөөлөрдү алып салуу менен диний уюмдарды каттоонун ачык жана адилеттүү механизмин иштеп чыгышы керек», — деп эсептейт комитет.

Сөз эркиндиги

Бириккен улуттар уюмунун комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын журналисттери менен укук коргоочулары 2010-жылдагы жаңжалга байланыштуу бийликтин аракеттерин сынга алышса басымга кабылышат.

«Кыргызстан журналисттер менен укук коргоочуларга карата зомбулук көрсөтүп, коркутуп үркүтүүлөргө баргандарды жазалоосу керек», — деп жазылган документте.

Соттордун көз карандысыздыгы

БУУнун Адам укуктары боюнча комитетиндегилер Кыргызстандын соттору бийликтин башка бутактарына көз каранды деп эсептешет.

Оппозициялык саясатчы Нариман Түлеевдин үстүнөн өтүп жаткан соттук процесс. 2013-жылдын жайы.
Оппозициялык саясатчы Нариман Түлеевдин үстүнөн өтүп жаткан соттук процесс. 2013-жылдын жайы.

«Кыргызстан толугу менен көз карандысыз жана адилеттүү соттук системаны орнотушу үчүн жакшылап реформа өткөрүшү керек», — деп эсептешет комитет мүчөлөрү.

Басмырлоого каршы мыйзамдардын аздыгы

Адам укуктары боюнча комитет Кыргызстанда басмырлоо үчүн жазалай турган мыйзамдар жетишсиз деп эсептейт.

«Комитет расасына, тилине, майыптыгына жана улутуна карап басмырлоого тыюу сала турган мыйзамдардын жетишсиздигине тынчсызданууда. Ошондой эле комитет кимдир бирөөнү басмырлоого барган расмий адамдарга карата тартиптик санкциялардын жетишсиздигине кабатыр болууда», — деп жазылган БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин документинде.

Акыйкатчынын көз карандысыздыгы

БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин версиясы боюнча, Кыргызстанда акыйкатчынын (адам укуктарынын сакталышына жооптуу чиновник) мамлекетке көз каранды болбой иштешинин кепилдиги өтө төмөн.

«Акыйкатчынын өз ыйгарым укуктарын натыйжалуу жана көз карандысыз аткарышы үчүн Кыргызстан аны зарыл болгон каржылык жана адам ресурстары менен камсыз кылышы керек», — деп жазылган документте.

Жогоруда көрсөтүлгөн сунуштардын кайсынысы менен макулсуз? Кайсынысы менен макул эмессиз? Сиздин пикириңиз боюнча, Кыргызстан алардын кайсынысы боюнча мыкты болушу керек? Өз пикирлериңиздерди материалдын төмөнкү жагындагы пикир калтыруу бөлүмүнө калтырыңыздар.

Автор:  Бектур Искендер