КСДП: Парламенттик коалиция «Республика» фракциясы жок түзүлүшү мүмкүн

Социал-демократтар «Республика» фракциясынын парламенттик коалицияга кирүүдөгү койгон шарты менен макул эмес. Бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде социал-демократтардын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Парламенттеги социал-демократтардын башчысы Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде «Республиканын» өкмөт мүчөлөрүн «жумшак рейтинг» боюнча тандап алуу жөнүндөгү шарты анын фракциясына ылайык келбей тургандыгын билдирди.

«Биз «жумшак рейтингдин» эмнеге алып келе тургандыгын көрдүк. Биздин көз карашыбыз боюнча, ал парламент депутаттары тууралуу жаман ойлордун пайда болушуна алып келет. «Республика» фракциясынын койгон шарты ушундай болсо, анда алардын койгон шарттары бизге ылайык келбейт, ал биздин беделибизге терс таасирин тийгизет», — деп билдирди Турсунбеков.

Анын айтымында, коалиция үч же төрт фракциядан түзүлүшү мүмкүн.

Өкмөт мүчөлөрүн «жумшак рейтинг» боюнча тандоо министрлик кызматтарга каалаган адам талапкерлигин коё алат дегенди түшүндүрөт.

Министрлер кабинетин тандоонун стандарттуу тартибине ылайык, талапкерлер  коалициялык көпчүлүк тарабынан гана сунушталат.

Турсунбековдун кошумчалагандай, чиновниктерди «жумшак рейтингдин» негизинде тандоо «аукционго» да алып барышы мүмкүн.

«Республика» фракциясы бардык министрликтердин, анан ичинде премьер-министрликке дагы талапкерлерди тандоодо «жумшак рейтингди» колдонууну сунуштап жатат. Бирок бүгүнкү күндө ал ылайыксыз вариант, анткени бул аукционго (кызматтар үчүн) алып келет», — деди социал-демократтардын лидери.

Азырынча «Респубика» фракциясы КСДПнын бул билдирүүсү боюнча эч кандай түшүндүрмө бербей эле.

КСДП Оторбаевдин талапкерлигин колдоду

28-мартта социал-демократтар фракциясы «Ата Мекен» партиясы тарабынан премьер-министрликке сунушталган Жоомарт Оторбаевдин талапкерлигин колдоду. Ал буга чейинки өкмөттүн курамында биринчи вице-премьерлик кызматты ээлеп турган.

«Үч саатка созулган сүйлөшүүлөр жана көптөгөн суроолордон кийин Оторбаевдин талапкерлигин карап чыгып, аны колдоо чечимин кабыл алдык», — деди Турсунбеков.

Буга чейин депутаттар өкмөт башчылыкка мүмкүн болгон талапкерлер катары парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков менен мурунку премьер-министр, «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду да айтып жатышкан болчу.

Акыркысын премьер-министрлик кызматка парламенттеги анын партиялаштары көрсөткөнү жатышкан.

Коалициянын таркашы

«Ырыс алды ынтымак» аталышындагы буга чейинки башкаруучу коалиция курамынан Жантөрө Сатыбалдиевдин ишине нааразы болгон «Ата Мекен» фракциясы чыккан соң, 18-март күнү тараган.

Өкмөт башчысын Кыргызстан менен канадалык «Центерра Голд» компаниясына таандык «Кумтөр» алтын өндүрүү компаниясына ээлик кылуу боюнча «пайдасыз» макулдашууга барган деп айыпташкан.

Ошондой эле Сатыбалдиевдин 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуудан кийин түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциядагы ишмердүүлүгүн сынга алышкан — депутаттык комиссия билдиргендей, дирекцияны Сатыбалдиев башкарып турганда анда 570 млн. сом «максатсыз пайдаланылган».

«Атамекенчилер» Сатыбалдиевди кызматтан кетирүүнү февралда эле парламентте добуш берүү жолу менен демилгелөөгө аракет кылышкан, бирок ал ойлору ишке ашпай калган соң фракция өкмөттү коалиция курамынан чыгуу менен таратууга жетишти.

Сатыбалдиев жаңы өкмөттүн түзүлүшүн күтпөстөн эле, 25-мартта ыйгарым укуктарын биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаевге өткөрүп берип, өз арызы менен кызматтан кеткен.

Автор:  Толгонай Умуралиева