Кыргызстандын өкүлү Украинанын аймактык бүтүндүгүнө арналган БУУнун Башкы ассамблеясында добуш берген жок.
Кыргызстан баш болгон Борбордук Азия өлкөлөрүнүн дээрлик бардыгы тең Крымдын Орусияга кошулушу талкууланган резолюция боюнча добуш беришкен жок.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкө эмне себептен добуш берүүгө катышпагандыгы боюнча азырынча түшүндүрмө бере элек.
Жыйынтыгында, резолюциянын кабыл алынышын 100 мамлекет колдоп, Орусия, Армения жана Белорусь сыяктуу 11 өлкө каршы болушту. Дагы 58 мамлекет расмий түрдө калыс бойдон калышты.
Резолюцияда Крымдын Украинадан бөлүнүп, федерация субъектиси катары Орусияга кошулушуна алып келген 16-мартта жарым аралда өткөн референдумду тааныбоо чакырыктары жазылган.
«БУУнун Башкы Ассамблеясы Украинанын улуттук жана аймактык биримдигин толугу менен же жарым-жартылай бузууга багытталган аракеттерден баш тарууга жана калыс болууга чакырат», — деп жазылган БУУнун резолюциясынын текстинде.
Документтин авторлору Орусия менен Украинаны ачык саясий диалог жүргүзүп, Крымга байланышкан маселени тынчтык жолу менен тез аранын ичинде жөнгө салууга чакырышты.
«Объективдүү чындык»
Украинадагы кырдаал боюнча кыргыз бийлиги өз позициясын көпкө чейин ачык билдирген эмес.
Кийин Кыргызстан Украинанын февралда бийликтен кеткен президенти Виктор Януковичтин легитимсиздиги тууралуу билдирген Борбордук Азиядагы жападан жалгыз өлкө болду — расмий Бишкектин мындай билдирүүсү Орусиянын позициясына каршы келген.
Ошондой эле өлкө бийлиги Крымдагы кризис боюнча дагы көпкө чейин өз позициясын билдирүүдөн карманып турган.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги референдумдан төрт күн өткөндөн кийин — 20-мартта гана добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча билдирүү жасап, аны «объективдүү чындык» деп атаган.
«Крымдагы референдумдун жыйынтыктары Автономдуу Республиканын калкынын басымдуу көпчүлүгүнүн эрки экендигин аныктады. Аталган референдумга кандай гана карама-каршы баалар берилбесин, бул анын объективдүү чындык экендигин көрсөтүп турат», — деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.
Аскерлердин көз алдындагы добуш берүү
Крымда референдум 16-мартта өткөрүлгөн — анда жарым аралдын Орусия Федерациясынын курамына кирүү маселеси чечилген.
Расмий маалыматтарга ылайык, референдумга калктын 82 пайызы катышып, алардын 97 пайызы Крымдын Орусия Федерациясынын курамына кирүүсү үчүн добуш беришкен.
Добуш берүү Кремлдин колдоосунда, ошондой эле Владимир Путин «Крымдын коргоо тобу» деп атап жаткан жарым аралдын аймагындагы орусиялык аскерлердин көз алдында өттү.
Референдумдун жыйынтыктары батыш өлкөлөрүнүн басымдуу бөлүгү менен Украинанын жаңы бийлиги тарабынан таанылбагандыгы менен Орусия «Крымдын жашоочуларынын мүдөө-тилектерин сыйлай тургандыгын» билдирип, дароо эле жарым аралды өз аймагына кошуу процессин баштаган.
Крымдагы референдум Украинада бийлик алмашканына бир ай боло электе эле өткөрүлгөн. Жогорку Рада орусиячыл президент Януковичти бийликтен кетирүү үчүн 22-февралда добуш берген болчу.
Парламент депутаттарынын мындай кадамга барууларына Европага багыт алуу үчүн Киевде жана өлкөнүн батыш бөлүгүндөгү үч айга созулган акциялар себеп болгон. Алар демонстранттар менен атайын даярдыктагы күч түзүмдөрдүн кагылышуулары менен коштолгон. Эң айыгышкан кагылышуулар 18-20-февраль күндөрү орун алып, анын жүрүшүндө 100дөн ашык киши каза болгон.