Видео: Кикбоксёр Абасовдун унаасы жардырылып каза болду

Кикбоксёр Руслан Абасовдун унаасы 27-март күнү кечинде Токмок шаарында жардырылган. Спортчу ооруканага бара жаткан жолдо эсине келбеген бойдон каза болду.

Абасовдун «Тойота Лэнд Крузер» үлгүсүндөгү унаасы Токмок шаарынын 3-кичи районуна бара жатканда жарылган.

Спортчу алган жарааттарынан улам ооруканага бара жатканда жолдо каза болду.

Ошондой эле аны менен бирге жанында жубайы да бар болгон — ал жардыруудан кийин аймактык оорканага жаткырылды. Милициядан билдиришкендей, учурда анын өмүрүнө «коркунуч жок».

«Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасынын маалыматы боюнча, жардыруунун очогу Абасов отурган орундуктун астында болгон.

Ошондой эле версиялардын бири боюнча бул теракт болушу ыктымалдыгы айтылууда.

Абасов 2005-2007-жылдары кикбоксингдин WAKO версиясы боюнча дүйнөнүн чемпиону болгондугу менен белгилүү болчу.
Абасов 2005-2007-жылдары кикбоксингдин WAKO версиясы боюнча дүйнөнүн чемпиону болгондугу менен белгилүү болчу.

Азыр Токмок милициясы окуянын чоо-жайын териштирип жатат. Анда ыкчам-тергөө тобу менен сапёрлор иш алып барышууда.

Токмок шаардык милициясынын тергөө бөлүмү Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 97-беренесинде каралган «Адам өлтүрүү» белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Учурда ыкчам иликтөө тобу кылмышка шектүүлөрдү колго түшүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатышат.