«Рейтер» агенттиги өз макаласы аркылуу БУУнун Башкы ассамблеясында Крымдагы референдум боюнча резолюцияны кабыл алаардын алдында Орусия Африка өлкөлөрү менен Кыргызстан баш болгон мурунку СССР республикаларынын бир катарын коркуткандыгын жазып, ынандырууга аракет кылган.
Орусиянын башка өлкөлөрдү коркуткандыгы тууралуу маалыматты БУУнын дипломаттары азырынча анонимдүү түрдө гана ырастап берүүгө даяр — бул тууралуу өзүнүн 29-марттагы эксклюзивдүү макаласында журналист Луи Шарбонно жазган.
Анын материалына ылайык, Орусия бир катар өлкөлөргө эгер резолюцияны колдоп добуш бере турган болушса аларга каршы эмгек мигранттарын депортация кылуу, көгүлтүр от берүүнүн көлөмүн азайтуу же Орусиядан товарларды импорт кылууга тыюу салуу сыяктуу бир катары чаралар көрүлө тургандыгы айтып коркуткан.
Ал өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан, Тажикстан, Молдова жана бир катар Африка өлкөлөрү бар болгон болушу мүмкүн.
Орусиянын БУУдагы миссиясынын басма сөз катчысы анонимдүү дипломаттардын мындай билдирүүлөрүн четке каккан.
«Биз эч качан эч кимди коркутпайбыз. Биз жөн гана кырдаалды түшүндүрөбүз», — деп жазган «Рейтер» анын айткандарын.
Орусия бийлиги болсо, тескерисинче, батыш өлкөлөрү резолюцияга добуш берүүнүн алдында «саясий коркутуп-үркүтүүлөр» менен алектенгендигин билдирди.
Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдоп жана Орусиянын курамына кирүү боюнча өткөн Крымдагы референдумду айыптаган резолюция жыйынтыгында 27-март күнү БУУнун Башкы ассамблеясында кабыл алынган. Ал үчүн 100 өлкө добуш берип, 11 өлкө каршылыгын билдирген.
Дагы 58 өлкө добуш берүү боюнча конкреттүү бир чечим кабыл алуудан карманышса, 24 өлкө таптакыр эле өз добуштарын каттоодон өткөрүшкөн эмес.
«Кадырсе» көрүнүш
Коркутууларга кабылган болушу мүмкүн делинип жаткан өлкөлөрдүн көбүнүн миссиялары Шарбонного түшүндүрмө берүүдөн баш тартышкан.
Кыргызстан менен Тажикстандын дипломаттары анын жөнөткөн катына жооп беришкен эмес. Молдованын БУУдагы элчиси Владимир Лупан гана аны менен бул темада сүйлөшүүгө макул болгон.
Лупан «Рейтердин» журналисти менен болгон маегинде Молдованын бийлиги добуш берүүнүн алдында резолюцияны орус бийлиги менен дагы, «Европа биримдигиндеги өнөктөштөрү менен дагы» талуулагандыктарын ырастаган.
Анын айтымында, добуш берүүнүн алдында өлкөлөр ортосундагы резолюцияны талкуулоо «кадыресе» көрүнүш болуп эсептелет.
Луи Шарбоннонун Орусиянын коркуткандыгы тууралуу берген суроосуна Лупан төмөндөгүдөй деп жооп берген:
«Мен ал талкуунун өзүндө болгон эмесмин, ошондуктан коркутуу фактысын ырастай дагы, төгүндөй дагы албайм», — деген ал.
Жыйынтынында, Молдова Орусиянын коркутууларына кабылган делинип жаткан өлкөлөрдүн ичинен резолюция үчүн добуш берген жалгыз өлкө болуп калды.
Кыргызстан менен Тажикстан болсо таптакыр добуш бербеген өлкөлөрдүн катарында калышты.
«Объективдүү чындык»
Украинадагы кырдаал боюнча кыргыз бийлиги өз позициясын көпкө чейин ачык билдирген эмес.
Кийин Кыргызстан Украинанын февралда бийликтен кеткен президенти Виктор Януковичтин легитимсиздиги тууралуу билдирген Борбордук Азиядагы жападан жалгыз өлкө болду — расмий Бишкектин мындай билдирүүсү Орусиянын позициясына каршы келген.
Ошондой эле өлкө бийлиги Крымдагы кризис боюнча да көпкө чейин өз позициясын билдирүүдөн карманып туруп, референдумдан төрт күн өткөндөн кийин — 20-мартта гана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча билдирүү жасап, аны «объективдүү чындык» деп атаган.
«Крымдагы референдумдун жыйынтыктары Автономдуу Республиканын калкынын басымдуу көпчүлүгүнүн эрки экендигин аныктады. Аталган референдумга кандай гана карама-каршы баалар берилбесин, бул анын объективдүү чындык экендигин көрсөтүп турат», — деп жазылган ТИМдин ал билдирүүсүндө.
Аскерлердин көз алдындагы добуш берүү
Крымда референдум 16-мартта өткөрүлгөн — анда жарым аралдын Орусия Федерациясынын курамына кирүү маселеси чечилген.
Расмий маалыматтарга ылайык, референдумга калктын 82 пайызы катышып, алардын 97 пайызы Крымдын Орусия Федерациясынын курамына кирүүсү үчүн добуш беришкен
Добуш берүү Кремлдин колдоосунда, ошондой эле Владимир Путин «Крымдын коргоо тобу» деп атап жаткан жарым аралдын аймагындагы орусиялык аскерлердин көз алдында өттү.
Референдумдун жыйынтыктары батыш өлкөлөрүнүн басымдуу бөлүгү менен Украинанын жаңы бийлиги тарабынан таанылбагандыгы менен Орусия «Крымдын жашоочуларынын мүдөө-тилектерин сыйлай тургандыгын» билдирип, дароо эле жарым аралды өз аймагына кошуу процессин баштаган.
Крымдагы референдум Украинада бийлик алмашканына бир ай боло электе эле өткөрүлгөн. Жогорку Рада орусиячыл президент Виктор Януковичти бийликтен кетирүү үчүн 22-февралда добуш берген болчу.
Парламент депутаттарынын мындай кадамга барууларына Европага багыт алуу үчүн Киевдеги үч айга созулган акциялар себеп болгон. Алар демонстранттар менен атайын даярдыктагы күч түзүмдөрдүн кагылышуулары менен коштолгон. Эң айыгышкан кагылышуулар 18-20-февраль күндөрү орун алып, анын жүрүшүндө 100дөн ашык киши каза болгон..
Автор: Бектур Искендер