Оппозициянын курултайы белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Милиция оппозициянын 31-мартка белгиленген курултайы мыйзамсыз болоору тууралуу эскерткенден кийин аны белгисиз мөөнөткө жылдыруу чечими кабыл алынды.

Оппозициянын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садыр Жапаров «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу 31-март күнү Бишкектин борбордук аянтында өткөрүү пландалган курултай белгисиз мөөнөткө чейин жылдырылгандыгын билдирди.

Мындай чечимдин кабыл алынышына Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) курултайды өткөрүү боюнча өз учурунда билдирүү жөнөтүлбөгөндүктөн аны өткөрүү мыйзамсыз болоору тууралуу берген эскертүүсү себеп болгон.

Жапаров өлкөнүн Конституциясына ылайык, жарандар тынчтык акциялары тууралуу алдын ала бийликке билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү эмес деп эсептейт. Ошентсе да митингди өткөрбөй туруу чечимине келген.

«Мыйзамдарды сактап, бизден күнөө кетпесин үчүн эртеңки боло турган Курултайды дагы бир жолу белгисиз мөөнөткө жылдырууга мажбур болдук. Көпчүлүк элдин мыйзамдарды бузбайлы деген өтүнүчүн дагы эске алдык. Биз бир дагы жараныбыз жабыр тартып калышын каалабайбыз »», — деп жазган ал «Фэйсбуктагы» баракчасына.

Жапаров митингди өткөрүү тууралуу билдирүү бербегендигин да мойнуна алды.

«Мен чындыгында Курултайды өткөрүүгө арыз берген эмес элем. Себеби, Башмыйзамга таянгам. [...]Ошентсе дагы бийлик мыйзамды сыйлабаса койсун, биз мыйзам сыйлаган саясатчылар катары мыйзамдарды сактап, эртеңки боло турган Курултайды дагы бир жолу белгисиз мөөнөткө жылдырууга мажбур болдук», — деп жазган ал.

28-март күнү Бишкек ШИИБси курултай өткөрүү боюнча билдирүү келип түшкөндүгүн, бирок ал Садыр Жапаровдун атынан эмес, оппозициянын башка лидери Мукар Чолпонбаев тарабынан жазылганын билдирген.

Ошентсе да милиция билдирүү өтө эле кеч келгендигин айтып, баары бир митинг өткөрүү мыйзамсыз болоорун эскерткен.

Жапаров курултайдын качан өтөөрүү тууралуу 10-апрелге чейин кабарлана тургандыгын айтып, убада берди.

«Ата-Журт» партиясынын мурунку депутаттары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев, ошондой эле парламенттин партиясыз эркин депутаты Равшан Жээнбеков башында турган оппозиция курултайда парламенттик башкаруу системасынан президенттик-парламенттик башкаруу формасына өтүүнү талап кылганы жатышат.

Андан сырткары демонстранттар «Кумтөр» алтын кенине байланышкан маселелерди козгошот.

Бул оппозициянын алгач 17-мартка белгиленген курултайынын экинчи жолу жылдырылышы. 17-мартта өтүшү керек болгон курултай «провокацияларга жол бербөө максатында» 31-мартка жылдырылган болчу.

Автор:  Бектур Искендер