Орусия: ЖККУга мүчө мамлекеттерге Украинада согушууга туура келбейт

Орусия өзүнүн Борбордук Азиядагы өнөктөштөрүнө аларга Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерге катышууга туура келбей тургандыгын айтып, ишендирүүгө аракет кылууга шашты. Өз кезегинде бул Москва акыркы кездердеги агрессивдүү аракеттерине байланыштуу тынчсыздануулардын күчөгөндүгүн түшүнүп жаткандыгын көрсөтүүдө.

Макаланын түп нускасы EurasiaNet.org сайтына чыккан.

Кеп Орусия башында турган, курамына Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан кирген коргонуу блогу — Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) тууралуу болуп жатат. Азырынча уюмдун алкагында  конкреттүү аракеттерге караганда сөз менен иштөө көбүрөөк байкалууда жана анын келечеги көптөгөн суроолорду пайда кылууда.

Дүйшөмбү күнү кыргыз парламентинин депутаты Турсунбай Бакир Уулу ЖККУ Кыргызстанды Украинадагы жаңжалга тартышы ыктымалдыгына кабатыр болуп жаткандыгын билдирди.

«Макулдашуу Украинадагы окуяларга чейин эле ратификацияланган. Мен андай макулдашуулардын курмандыгы болгум келбейт. Силер билесиңер да, Федерациялар кеңеши бир нерсе болуп кетсе Украинага аскерлерин киргизүү боюнча чечим кабыл алды. Эгер эртеңки күнү Орусия менен Украинанын ортосунда согуш башталып кете турган болсо биз Орусия тарапта согушууга милдеттүү болобуз. Биз Украинадагы согушка катышып калбаш үчүн мындай макулдашуулардан кармана турушубуз керек», – деди депутат.

ЖККУнун секретариаты мындай тынчсызданууларга жооп берүүнү туура көрүп, төмөндөгүдөй билдирүү таратты:

«Украина ЖККУнун мүчөсү эмес. 2009-жылдын 14-июнунда кол коюлган «Жамааттык күчтөрдүн ыкчам аракеттери жөнүндөгү» учурда иштеп жаткан макулдашуу боюнча, ал өлкөнүн аймагында жамааттык күчтөрдүн ыкчам аракетин пайдалануу мүмкүн эмес. Жамааттык күчтөрдүн аракеттерин ЖККУнун жамааттык коопсуздук аймагында пайдалануу чечими Уюмга мүчө-мамлекеттердин бардыгынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын да макулдугу жана өз ара тил табышуусунун негизинде гана кабыл алынат», — деп жазылган ЖККУнун түшүндүрмөсүндө.

Албетте Украинанын курал колдонуу менен Крымды кайрадан кайтарып алууга барышы күмөн. Бирок эгер Украина андай кадамга бара турган болсо ЖККУга мүчө-мамлекеттер Орусия өзүнүн аймагы катары эсептеп жаткан ал жарым аралды коргоого жардам берүүгө милдеттүү болушабы?

Негизинен ЖККУнун коомчулуктун реакциясына өзгөчө деле көңүл бурбай тургандыгын эске алсак, анын жалгыз депутаттын мындай билдирүүсүнө жооп кайтарууну туура көргөндүгү адаттан тыш көрүнүштөй сезилүүдө.

Акыркы кездери Орусиянын ЖККУ жана Бажы биримдиги сыяктуу евразиялык интеграциялык долбоорлору боюнча өнөктөштөрүнүн тынчсызданып жаткандыктары даана байкалууда.

ЖККУнун мындай билдирүү жасоо чечими Орусиянын согуштук өнөктөштөрүнүн мындан ары кызматташууну улантуунун максаттуулугу тууралуу ойлонуп башташына Москванын тынчсызданып жаткандыгын көрсөтүп тургандай.

Автор: Джошуа Кучера