Парламент: КСДП, «Ар-Намыс» жана «Ата Мекен» жаңы коалиция түзүштү

Жаңы парламенттик көпчүлүк коалициясынын курамы өзгөргөн жок — ага социал-демократтар, «Ар-Намыс»  жана «Ата Мекен» фракциялары кирди. «Ата-Журт» менен «Республика» альянска кирген жок.

«Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн» деп аталган жаңы коалиция 31-март күнү социал-демократтар тарабынан түзүлдү.

Анын курамы — КСДП, «Ар-Намыс» жана «Ата Мекен» — 18-мартта тараган буга чейинки «Ырыс алды – ынтымак» коалициясынан таптакыр айырмаланбайт.

«Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, 2-апрелде жарыялана турган өкмөттүн курамы «өтө деле өзгөрбөйт».

Өкмөт башчысы болуу ыктымалдыгы эң жогору болгон талапкерлердин бири «атамекенчи», премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев — буга чейин анын талапкерлигин социал-демократтар колдошкон.

Коалициянын курамына «Ата-Журттун» да кириши күтүлүп жаткан — оппозициялык фракция социал-демократтар түзүп жаткан альянска кирүү каалоосун 26-мартта билдирген болчу.

Бирок фракция «партиянын биримдигин сактоо» максатында акыркы күндөрү коалицияга кирбөө чечимин кабыл алган.

«[Фракция] партиянын биримдигин сактап калыш үчүн кирген жок. Биздин шайлоочулар коалицияга кирбешибизди өтүнүштү [...] «Ата-Журт» коалициянын курамына кирүүгө макулдугун берген болчу, бирок Камчыбек Ташиевдин [партиянын лидери] билдирүүсү акыркы чечимибизге таасирин тийгизди», — деди Kloop.kgге берген маегинде «Ата-Журт» фракциясынан депутат Жылдызкан Жолдошева.

Азырынча «Ата-Журт» фракциясынын бийликке карата оппозиция бойдон калаары же болбосо көпчүлүк коалициясынын чечимин колдой тургандыгы белгисиз.

Бүгүн «Республика» социал-демократтар алардын министрлер кабинетин «жумшак рейтинг» жолу менен тандоо тууралуу койгон шарттары менен макул болбогондуктан фракция оппозицияда калуу чечимин кабыл алыгандыгын билдирген.

Өкмөт мүчөлөрүн «жумшак рейтинг» боюнча тандоо министрликтерге каалаган адам талапкерлигин көрсөтө алат дегенди түшүндүрөт. Ал эми министрлер кабинетин тандоонун стандарттуу тартибине ылайык, талапкерлер көпчүлүк коалициясы тарабынан гана сунушталат.