Парламент: «Республика» фракциясы оппозицияда калды

Парламенттик «Республика» фракциясы жакынкы күндөрү социал-демократтар тарабынан түзүлүшү керек болгон көпчүлүк коалициясынын курамына кирүүдөн баш тартты.

«Республика» фракциясынын лидери, депутат Назарали Арипов 31-март күнү социал-демократтар алардын коалициянын курамына кирүүдөгү койгон шарттары менен макул болбогондуктан фракция оппозицияда кала тургандыгын билдирди.

«Республика» министрлер кабинети «жумшак рейтинг» боюнча тандалышы керек деген шарт койгон — өкмөт мүчөлөрүн «жумшак рейтинг» боюнча тандоо министрлик кызматтарга каалаган адам талапкерлигин коё алат дегенди түшүндүрөт.

Стандарттуу тартиптерге ылайык, өкмөт башчылыкка талапкерлер коалициялык көпчүлүк тарабынан гана сунушталышы керек.

Буга чейин КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков жаңы көпчүлүк коалициясы «Республика» фракциясы жок түзүлүшү ыктымалдыгын айткан болчу.

Ал Kloop.kgге берген 28-марттагы маегинде оппозициялык «Республика» фракциясынын койгон шарттары аларга ылайык келбестигин жана ал парламенттин «беделине терс таасирин тийгизиши мүмкүн» экендигин билдирген.

««Биз «жумшак рейтингдин» эмнеге алып келе тургандыгын көрдүк. Биздин көз карашыбыз боюнча, ал парламент депутаттары тууралуу жаман ойлордун пайда болушуна алып келет», — деген Турсунбеков.

Буга чейинки коалициянын таркашы

«Ырыс алды ынтымак» аталышындагы буга чейинки башкаруучу коалиция курамынан «Ата Мекен» фракциясы чыккан соң, 18-март күнү тараган.

«Атамекенчилер» премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин ишине нааразы болушуп, аны Кыргызстан менен канадалык «Центерра Голд» компаниясына таандык «Кумтөр» алтын өндүрүү компаниясына ээлик кылуу боюнча «пайдасыз» макулдашууга барган деп айыпташкан.

Фракция үстүбүздөгү жылдын февралында парламентте Сатыбалдиевди кызматтан кетирүү маселесин көтөрүп чыгууну демилгелеген. Бирок добуш берүүнү күтпөстөн эле ал процессти коалициянын курамынан чыгуу менен тездеткен.

«Атамекенчилер» Сатыбалдиевди кызматтан кетирүүнү февралда эле парламентте добуш берүү жолу менен демилгелөөгө аракет кылышкан, бирок ал ойлору ишке ашпай калган соң фракция өкмөттү коалиция курамынан чыгуу менен таратууга жетишти.

Сатыбалдиев жаңы өкмөттүн түзүлүшүн күтпөстөн эле ыйгарым укуктарын биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаевге өткөрүп берип, өз арызы менен кызматтан кеткен.

Автор:  Шахида Дүйшеева