Апрель революциясы боюнча сот: Мамлекеттик айыптоо «альфачылардын» дээрлик бардыгын актоону өтүндү

Прокурор 2010-жылдагы революция боюнча козголгон кылмыш ишинде айыпталуучу катары өтүп жаткан «Альфа» атайын бөлүгүнүн алты кызматкерин актоону өтүндү.

Жалпысынан «Альфанын» сегиз кызматкери айыпталуучу катары өтүп жатышат, алардын ичинде атайын топтун командири Алмаз Жолдошалиев дагы бар. Мамлекеттик айыптоочу алардын алтоосун бардык беренелер боюнча актоону өтүндү.

Бул өтүнүч «алфачылар» буйрукту аткаргандыктан элге ок атууга күнөөлүү болуулары мүмкүн эмес деп эсептеп жатышкан «Альфа» тобунун жактоочуларынын талаптарына дал келет.

Мамлекеттик айыптоочу революция боюнча айыпталып жаткандардын калгандары үчүн узак мөөнөткө, ошондой эле өмүр бою эркинен ажыруу жазаларын талап кылды.

Мамлекеттик айыптоо мурунку президент Курманбек Бакиевди, анын бир тууганы Жанышты, ошондой эле мурунку премьер-министр Данияр Үсөновду өмүр боюнча эркинен ажыратууну талап кылды.

Алар 2010-жылдагы революция маалында 80ден ашык демонстранттын өлүмүнө күнөөлүү башкы айыпталуучулар болуп эсептелишүүдө.

Айыптоочу УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталиновду, ошондой эле Мамлекеттик коргоо кызматынын мурунку жетекчилери Нурлан Темирбаев менен Данияр Дунгановду 25 жылга, президенттин секретариатынын экс-башчысы Оксана Малеваная менен «альфачы» Сергей Цигельниковду 15 жылга, «Альфанын» мурунку башчысы Алмаз Жолдошалиев менен УКМКнын башчысынын мурунку орун басары Марат Бакиевди 10 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратууну өтүндү.

Ар ортодо революцияда курман болгондордун туугандары «Альфа» тобунун кызматкерлерин актоо өтүнүчүнө нааразы болушуп, 2-апрель күнү «Ала-Тоо» аянтына митингке чыга тургандыктарын убадалашты.

2010-жылдагы революция боюнча сот Кыргызстандагы эң узакка созулган соттук жараян болуп эсептелет — анын башталганына үч жылдан ашып, жабырлануучу тараптын туугандары менен айыпталуучулардын өкүлдөрүнүн ортосунда ар дайым кагылышуулар болуп келет.